Пример HTML-страницы

Жайылдагы эң бай айыл өкмөттүн башчысы тургундар менен депутаттардын нааразычылыгынан кийин кызматтан бошотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖайыл районунда эң бай айыл өкмөттүн башчысы кызматынан бошотулду.

Маалым болгондой, 15-сентябрда Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев бул кызматта 2 жылдан ашык иштеген Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Карымбаевди ээлеген кызматынан бошотуу боюнча буйрукка кол койгон.

Буга айылдык кеңештин депутаттарынын жана Новониколаевка айылынын жаштарынын спорт залдын курулушу бүтө электигине нааразы болгондугу себеп болгон.

Новониколаевка айылында 2021-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен спорт залдын курулушу башталып, 9 айда пайдаланууга берилиши керек болчу. Бирок ал жерде дагы көп иштер аткарыла элек. Спорт залдын долбоордук баасы 16,5 млн сомду түзөт.

Ак-Башат айылдык кеңешинин төрайымы Нургүл Садыкова билдиргендей, спорт залдын ачылышы үч жолудан ашык белгиленип, бирок ачылыш дайыма жылдырылып келген.

Акыркы жолу айыл өкмөттүн спорт залын 14-сентябрда ачуу пландалып, бирок ал жердеги иштер аягына чыккан эмес. Натыйжада жетекчи иштен бошотулган.

Курамына 4 айыл — Арал, Айдарбек, Ак-Башат жана Новониколаевка айылдары кирген Ак-Башат айыл өкмөтүнүн бюджети 42 миллион сомду түзөт. Бул Жайыл районундагы айыл өкмөттөрүнүн ичинен эң чоң бюджет.

Ак-Башат айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп Анарбек Абелдеев дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы