Жайылда малина менен кулпунайдын сезону аяктоо алдында турат. Баасы кандай болуп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда кулпунай менен малинанын акыркы түшүмү калк арасында суроо-талапка ээ болуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, малинанын килограммы 150 сомдон, кулпунайдын килограммы 200 сомдон сатылууда.

«Бул жакта сатылган бардык мөмөлөрдү Жайыл жана Панфилов райондорунун дыйкандары өстүргөн. Ошондуктан түшүм жыйналгандан бир нече саат өткөндөн кийин эле базарларга алып келишет. Мөмөлөр жаңы терилгендиктен сатып алуучулардын суроо-талабы жогору болууда», — дешти сатуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️