Жайылда билим берүү мекемелери онлайн окутууга өтүп башташты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖайыл районунда электр жарыгы тез-тез өчүрүлүп жатканына байланыштуу билим берүү мекемелери онлайн окутууга өтүүдө.

Электр энергиясы менен жылытылган 9 мектеп жабылды: Кара-Балта шаарындагы №2, 3, 4 мектептери жана №1 башталгыч мектеби, Ставраполовка, Кара-Суу, Суусамыр, Кожомкул, Тунук айылдарындагы мектептер. Жайыл райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору белгилегендей, мектептерде жылуулук режимин суткалык көзөмөлдөө учурунда абанын температурасы нормадан төмөн экени аныкталган.

«Айрым билим берүү мекемелеринде 4 градустан 11 градуска чейин жылуу болсо, норма 25 градусту түзүүдө. Алардын баары электр менен жылытууда.

Суусамыр өрөөнүндөгү мектептер айыл өкмөт башчынын катынын негизинде суукта балдар үшүбөшү үчүн ишмердүүлүгүн токтотту. Ал жакта абанын температурасы -40 градус жана андан төмөн болуп жатат. Аталган мектептер онлайн окутууга өттү», — деди Жайыл районунун башкы санитардык дарыгери Осмоналы Жолдошбаев.

Санитардык дарыгерлер күн сайын мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги температураны текшерип жатышат. Баарына иштөөгө уруксат берилген. Бирок балдар аз келгендиктен Полтавский, Сосновка айыл өкмөттөрүндөгү бала бакчалар жана Кара-Балта шаарындагы «Керемет бөбөк» бала бакчасы карантинге жабылды.

Пример HTML-страницы

Бүгүн электр жарыгы тез-тезден өчүрүлгөндүктөн техникалык-экономикалык колледж жабылды. Сутденттер 19-январдан тарта онлайн окуп баштайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️