Жайылда ашкабактын сезону башталды. Ал кайсы ооруларды алдын алат?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районундагы базарларда ашкабактын сезону башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Сатып алуучулардын айтымында, анын 1 килограммы 20-25 сомдон.

«Ар кандай өлчөмдөгү ондогон кызгылт сары жана сары ашкабактар машиналарда, текчелерде ал гана эмес жерде дагы жайылып сатылып жатат. Анын 1 килограммы 20-25 сомдон. Айрым сатуучулар 2-3 килограммдан кесип, тамак-аш оролуучу жылтыракка ороп сатышууда», — деп билдиришти.

Адис-биолог Ирина Стежконун айтымында, ашкабакта сейрек кездешүүчү К витамини бар.

«Ашкабакта көптөгөн витаминдер, анын ичинде А, В, С, Е витаминдери, ошондой эле сейрек кездешүүчү К витамини бар. Ашкабакта адамдын денесиндеги бардык зат алмашуу процесстерин жакшырткан, оор тамак-аштын сиңишин жана семирүүгө тоскоол болуучу заттар бар.

Пример HTML-страницы

Ашкабак — суюктуктарды бөлүп чыгаруучу жана тамак сиңирүүнү жакшыртуучу касиетке ээ болуп, организмдин табигый тазалоочу каражаты болуп эсептелет. Аны гипертония, кургак учук, көрүү, зат алмашууну жакшыртуу үчүн жана диета кармаганда колдонсо болот. Онкологиялык ооруларды алдын алууда ашкабак эффективдүү таасир этет», — деди ал.

Бирок диетологдордун айтымында, чийки ашкабакта ар бир ичеги сиңире бербеген клетчаткалар көп.

Ашкабактын пайдалуу жактары:

— Ашкабактын темир курамы алманын мыкты сортторунан ашып түшөт;

— Жеңил, пайдалуу диеталык продукт. Арыктоого өбөлгө түзөт;

— Адамдын денесиндеги клеткалардын бузулуу коркунучун азайтат;

— Денебиздеги карылык процесстерин жайлатат;

— Курамында калий көп болгондуктан, ашкабак жүрөккө пайдалуу. Ал тамырларды бекемдейт, шишиктен арылтат, ошондуктан жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган адамдар үчүн алмаштыргыс нерсе;

— Боор жана өтү ооругандар жеген абдан пайдалуу. Ашказан жана он эки эли ичеги жараларынын айыгышына өбөлгө түзөт;

— Ашкабак табигый кусууга каршы каражат болгондуктан, кош бойлуулуктун токсикозуна пайдалуу;

— Кандагы кантты азайтууга жардам берет;

— Ашкабак ширеси эркектерге эркектик күчүн сактоого жардам берет;

— Ашкабактын ширеси тынчтандырат жана уйкуну жакшыртат;

— Ашкабак жаштыкты жана сулуулукту сактоо үчүн да пайдалуу. Косметологияда кеңири колдонулганы бекеринен эмес. Экзема, безетки сыяктуу көптөгөн тери ооруларына жардам берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️