Пример HTML-страницы

Жайылда 18 жаштагы кыз көз жумду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда 18 жаштагы кыз көз жумду.

Turmush басылмасына маалым болгондой, бүгүн, 17-апрелде Жайыл аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаш кыз жеткирилип, ал өзүнө келбей көз жумган. Ал өз өмүрүнө кол салган деп божомолдонуп жатат.

Аталган оорукананын маалыматы боюнча, бейтап тез жардам кызматы менен алынып келген. 2006-жылы туулган Э.С. клиникалык өлүм абалында жеткирилген. Ага «Асынуу аркылуу суицид жасоого аракет кылуу, асфиксия (странгуляционная асфиксия)» диагнозу коюлду.

Бейтап саат 09:05те көз жумган.

Маркум Жайыл районундагы айылдардын биринде жашап жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE