Жайыл районунун жаш футболчулары жолдоштук жолугушуу өткөрүштү 

Акыркы жанылыктар

Turmush3-октябрда Чүй облусундагы Жайыл районунун Сары-Коо айыл аймагынын Эрик-Туу айылында Алтын жана Эрик-Туу айылдарынын жаш футболчулары ортосунда жолдоштук жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Кыргыз автономиялуу областынын 100 жылдыгына арналып уюштурулган. Мелдеш «Жаш спортчулардын достугу» урааны астында өттү.

Мелдеште Алтын айылынын командасы 2:0 эсебинде жеңишке жетишти. Аталган командада Марсел Арыков , Умар Асанов , Элмырза Арыков , Нурэл Максатбеков , Амир Осмоналиев , Алинур Максатбеков , Айдин Молтоев , Баястан Кененалиев жана Умар Мухаммедов ойношкон.

Жаш футболчуларды Жайыл районунун балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу Азамат Борбиев машыктырган.

Мындан ары мындай жолдоштук жолугушууларды ар бир айылда жума сайын өткөрүү пландаштырылууда.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️