Жайыл районунда милиционерлер арасында волейбол мелдеши өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин күнүнө карата райондор аралык волейбол мелдеши болуп өттү.

Турнирге Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.

Оюндун жыйынтыгында 1-орунду Панфилов районунун командасы, 2-орунду Москва районунун командасы, 3-орунду Жайыл жана Сокулук РИИБдин командалары камсыздашты.

Бардык командалар дипломдор, кызыктыруучу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул спорттук иш-чара башкармалыктын райондук бөлүмдөрүндө акыркы 3 жылдан бери өткөрүлүп келет. Келерки жылы волейбол боюнча мелдеш Сокулук РИИБде уюштурулары күтүлүүдө.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️