Жайыл районунда ийнеликтер массалык түрдө пайда болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда ийнеликтердин массалык түрдө учуусу байкалууда.

«Быйыл ийнелик көп болду. Алар курт-кумурскалардын артынан кууп, укмуштуудай чукул бурулуштарды жасашууда. Абада айланып жүргөн кичинекей тик учактарга окшош», — деп билдирди жергиликтүү тургундар.

Биолог Ирина Стежко айткандай, ийнеликтер эки жуп канаты бар чоң курт-кумурскалар түркүмүнө кирет. Кыргызстанды байырлаган ийнеликтер эки чоң топко бөлүнөт: түз канаттулар жана түрдүү канаттуулар.

«Бул курт-кумурскалардын биологиясы абдан кызыктуу. Ийнеликтер абдан ачка жырткычтар. Алардын личинкалары сууда жашайт — көбүнчө 2-3 жылга чейин. Сууда эмне болсо, ошонун баарын жешет. Бойго жеткен ийнеликтер абада жашайт. Күндүз активдүү болуп, чиркей, чымын жана башкаларды кармашат.

Ийнеликтердин саны менен ар кандай кан соргучтардын ортосунда белгилүү бир байланыш бар деп ишенимдүү айта алабыз: жаратылышта ийнеликтер канчалык көп болсо, кан соргуч курт-кумурскалар ошончолук аз болот. Ийнеликтер адамга пайдалуу курт-кумурскалардын катарына кирет деген жыйынтыкка келүүгө болот», — деп кошумчалады ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️