Пример HTML-страницы

Жайыл районунда 75 айым ардак грамота менен сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushАялдардын эл аралык күнүнө карата Жайыл районунун 75 айымы ардак грамоталарга ээ болушту.

Ленин атындагы маданият үйүндө салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда жетекчилердин куттуктоолору айтылып, концерттик программа тартууланып, ардак грамоталар жана 500 сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ардак грамота коомдук иштерге активдүү катышып, ийгиликтерге жетишкен аялдарга ыйгарылды. Алардын арасында социалдык мекемелердин кызматкерлери — мугалимдер, дарыгерлер, мекеме-ишканалардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жеке ишкерлер, пенсионерлер бар.

Акимиат 35, мэрия 30, шаардык кеңеш 10 грамота тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE