Жайлоого барчу жол тазаланып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Алдын ала маалымат боюнча, кечээ, 23-июлда саат 17:15 чамасында Зулпуев айыл аймагында жааган жаандын кесепетинен Кара-Кой жана Калдай айылындагы Мурдачы жайлоосунан келген сел суулары 2 боз үйдү, Тельман—Кара-Кой ички чарбалык жолунун 25-чакырымын каптаган. Унаа жол жабылып калган.

Ошондой эле Кырыз-Ата—Кара-Кой жолунун 25-чакырымынан да сел түшүп, жолду жаап калган. «Кыргыз-Ата» жаратылыш паркынын жетекчиси Кылычбек Мурзаматов бүгүнкү күндө техникалар иштеп жатканын жана эс алуучулар үчүн жол жабык экенин билдирди.

«Негизги жолдон 150 метр, ички жолдон 100 метрди сел алып кеткен. Түндө дароо техникалар менен тазалап, саат 00:30да бардык эс алуучуларды унаалары менен чыгарганбыз. Эки эс алуучу жайдын боз үйүн сел алып кеткен, адамдардан жабыр тарткандар болгон жок», — дейт Мурзаматов.

Пример HTML-страницы

ӨКМдин маалыматына караганда, Тельман—Кара-Кой ички чарбалык жолунун 25-чыкырымындагы жолду ачуу жана кеңейтүү жумуштуры бүгүн, 24-июлда саат 08:50дө башталды. Калыбына келтирүү иштерине №37 жол тейлөө ишканасынан 7 кызматкер жана 4 атайын техника тартылды.

Ошодой эле сел сууларынан жабыркаган Зулпуев айыл аймагынын Кара-Кой жана Калдай айылындагы Мурдачы жайлоосуна барчу жолду ачуу жана кеңейтүү жумуштарына Зулпуев айыл аймагынан 2 кызматкер жана атайын техника тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️