Жайлоодогу малга аттар менен тоют жеткирилип жатат

TurmushНарын районунун айрым кыштоолоруна 1,30 метр калыңдыктагы кар жаады. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Нарын районунун Дөбөлү жана Орток айыл өкмөттөрүнүн алыскы кыштоолоруна март айынан башынан бери жааган кардын бийиктиги 1-1,30 метрге жетип жолдор жабылган.

24-марттан баштап Жарандык коргонуу кызматы, Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ыкчам иш-аракеттер жасалып, облустук суу чарба башкармалыгынын жана №8 Жол тейлөө ишканасынын техникалары менен 30 км жол тазаланган. Ажыдар-Уюк аймагына чейин 100 боо чөп, 500 кг жем жеткирилген. Бул аймактан ары техника өтө албагандыктан 1-2 км алыстыктагы Кар-Күркүрөк кыштоосуна тоюттар ат менен жеткирилип жатат. Кардын жаашынан улам 9 бодо мал зыянга учураган.

Аталган аракеттерди үчүн ӨКМден, №2025 аскер бөлүгүнөн күйүүчү май, техникалар бөлүнгөн. Орток айыл өкмөтүнөн 400 литр, Дөбөлү айыл өкмөтүнөн 150 литр, №8 Жол тейлөө ишканасынан 300 литр күйүүчү май керектелген.

Жайлоодогу азап:

Буга чейин Жумгал районундагы чабандар Окторкой жайлоосунда калган жылкыларды айдап келишкени белгилүү болгон.

Пример HTML-страницы

Лама айылынын тургуну Талантбек Шарипкановдун айтымында, үйүр жылкысы (20дан ашык) кар жааган убакта жайлоодо калган. Андан бери айдап келүүгө жол дагы, күн дагы ачылбай келген. Кечээ, 31-мартта 2 чакырым жолдогу карды күрөк менен күрөп, жылкыларды айдап келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️