Пример HTML-страницы

Жүргүнчүгө ээнбаштык кылууга жол берген айдоочуга 15 миң сом айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖүргүнчүгө терезеден дене-боюн чыгарууга жол берген айдоочуга 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Автоээнбаштыктын күбөлөрү окуянын видеосун ЖКККБнын кызматкерлерине жөнөтүшкөн.

Бул факт боюнча Сокулук РИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери аталган автоунаанын айдоочусун таап, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесине (автоээнбаштык) ылайык 15000 сом айып салып, унааны айып короого киргизишти.

Буга чейин Аламүдүн районунун Ала-Арча жаратылыш паркына баруучу жолдо «Хендай Грандер» үлгүсүндөгү унаасы токтотулуп, айдоочуга 15 миң сом айып пул салынган.

Аталган айдоочуга айып пул эки жүргүнчү кызды унаанын төбөсүнөн чыгарып айдагандыгы үчүн салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE