Жүрөк ыйлаткан көз ирмемдер

https://kyrgyzcha.site/?p=47843&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жүрөк ыйлаткан көз ирмемдер

 

Нуриянын бир постунан Идрис Айтбаевдин мигранттарга жүрөгү ооруп,өмүрүңөрдүн көп учурун кабат-кабат үй салам деп өткөрүп жибербегиле деген маанидеги сөзүн окуп калып,ага пикир жазган болчумун.Ал пикир көп окурмандардын жүрөгүн ыйлаткан го,пост кылып чыгаруумду суранышты…Албетте,толуктадым…

 

Заманга жараша адамдардын талабы,керектөөсү да улам өсүп жатканы маалым,балдарым жакшы жашасын, аларды окутайын, үйлөп-жайлайын, жакшы там салайын деген максат менен чет жерде канчалаган жердештерибиз эмгектенип жүрүшөт.Жараткандын алыска болсо да чачып койгон ырыскысына ыраазы болосуң. Сыртта жүргөндөрдүн арасында баарыбыздын жакындарыбыз бар,алар менен кошо кубанып да,кайгырса кошо кайгырып жүргөнүбүз төгүн эмес.Ошолор тынч болсо экен деп тилеп жүрөбүз,

жакшы ниет менен салып жаткан үйүңөрдө жашоону насип этсин…🙏🙏🙏

Пример HTML-страницы

Үйлөрдү көрүп,көзүң сүйүнүп калат,

» ээ,кыргыздын балдары да байый баштаптыр» деп…бир жагынан ал деле керек,өсүш,өнүгүш керек…

БИРОК,өнүгүштүн ордуна көрүнүш керек деген ой жашап калганы жакшы эмес,балдарын 1 жашынан жакындарына таштап, мектепти бүткөндө барып,балдары менен тил табыша албай калгандар,тарбиясы өксүп калгандар канча дейсиң…Жер көз болуп,кагуу жеп чоноюп жаткандар,кусасы ичине толуп,көргөзбөй ыйлап жүргөндөр эле канча …😢

Баары эмес дечи,сонун тарбия берип, карап-багып ,балдарынын бутуна туруп алышына көмөктөш болгон ата-энелер бар,ошондо да,калтырып кеткен балдары өз атасын, апасын сагынып жашап жатканы көздөрүнөн байкалып турат .Мен мугалим катары жүрөк ооруткан окуяларга көп күбө болуп жүрөм,балдары жүдөп кеткенин көрүп,»дүнүйөң менен жерге кир » деген күндөрүм болгон,же сабактан начарлай баштаганда изилдесең,апасы чет жерге кеткен болот,акча,үй проблемасы менен,а тарбия деген очойгон көйгөй артка жылып кетет, айласыздан…

Дагы бирөө небересин күн алыс алып калат сабактан,же жооп сурап кетет,жооп бербей койсом,ыйлап жиберди,тайнем урушат,карындашымды да кошуп алып кетишим керек,ишти бүткөрбөсөк,кеч кулак-мээни жейт деп..

😢бирок,апама айтпаң,ал билсе,капа болот, кыжалат болот дейт…😢

Телефондон күлүп сүйлөшкүлө дейт экен,неберелерин…

Айта берсең,ыйлачу жагдайлар толтура…

Кантсе да,аман жүргүлө,өз арабаңарды тартып,жакшы тилек менен жүрөсүңөр,кудай бекем ден соолук берсин, тез эле байып кеткиле да,балдарыңар менен чогуу өз мекениңерде жашоону насип этсин…🤲🤲🤲

Дагы бир нерсе эсиме түшүп кетти,бирөө эки этаж үйүн бүтүргөн,Оштон да үй алды эле,бирок ,бир күн да жашай албады ал үйүндө…Кудайым пендесине мындай азап бербесе экен,😢ошол жактан кырсыктап ,сөөгү келди…😢

Жараткан баарыңарга өмүр берсин,эсен-аман мекенге, жериңерге, балдарыңардын,ата-эненин маңдайына келгиле…🙏🙏🙏🤲🤲🤲

 

Ошол күнү мессенжерден бирөө мага чалып,»эже,окуп алып ыйладым,анан,сиз менен бөлүшөйүн дедим эле» деп,жүрөк ооруткан окуяны баяндап берди…

 

Мен да турмуш босогосун аттап,өз кесибим менен иштеп жүргөн элем,эки уулдуу болуп калганыбызда, кайним үйлөндү, көп өтпөй болбогон нерселерден уруш көбөйүп,жашоо оорлошо баштады.Менин тапкан акчамды кайын энеме берем,а жолдошум сезондо чарбачылык иштер менен болуп,калган убакта бош жүрөт.Үй салып бөлүнүп чыгып кетүү жөнүндө ойлонобуз, бирок,чамабыз жок.Достору баары Россияда иштеп жүргөн үчүн, дароо эле телефон чалып,иш караштыра баштадык.

Менин иштеген ишим,анан балдарымды кимге калтырам деп,бушайман болдум.

Апам «карап берейин,үй салып алгыла» деп алып калды.Алгач көнө албай жүрдүм,

оюмдун баары эле балдарымда…

Ошентип,эки жыл иштедик,акчаны жолдошум апа-атасына салып жатты, өз эсебизбизде үйдү тургузганга жетип калды деп айылга келдик, бир жумадай балдарым, тууган -урук менен учурашып,алаксып жүрдүк.Анан эле таң эрте жолдошумдун кабагына кар жаап,үйүндөгүлөр менен айтышып жатканын угуп,сөз биздин жөнөткөн акча жөнүндө болуп,чоң үйдүн маңдайына салынган времянканын ошол каражатка бүткөнүн угуп,шалдайып отуруп калдым.

—Элдин балдары 2 этаж кылып,атасынын отурган үйүн бүтүрүп жатат,сен ушул кичине тамга ичиң ачыштыбы?Кыйналып акча тапсаң,мен да кыйналып баккам сени.

—Бул времянка азыр зарыл беле,мен теңдүүлөр үйлүү болуп калышты,ата,өз акчама салып алайын десем,аны да иштетип коюп,»жашсың али,дагы иштеп таап аласың» дейсиз,мени деле аяп койсоңуз, кичинеңизди эле карай бербей.

—Сен дагы иштеп келе бер,мен деле карап турбайм, жардам берейин…мени менен эсептеше бербей,- деп,сыртка чыгып кетти.Үйдүн планын түзгөн боюнча акча жок отуруп калаарыбыз ойго келбеген.

Жоодар жер тиктеп бир саат отурду,мен ичимден ыза болгонум менен,сөз айта албадым,айтканда не пайда…Анан эле сыртка чыгып кетип, түн оогондо мас абалда келди,алдынан чыккан буюм-тайымды тээп ,кыйкырып жүрөт…

Араң тынчтандырдык.Таң атаары менен кайын энем сүйлөнүп,экөөбүзгө»Тез келген жагыңарга кеткиле,тынч жашообузду бузбай,ширин жашоомду ачуу кылбай » деп,каарын төгүп салды.

Чын эле,бул үйгө ашыкча болуп калдык.

Эрте мененки чайын ичишти, дасторконду жыйнап, эшикти жаап,чогуу бир жакка чыгып кетишти.Мен эки баламды алып,төркүнүмө кеттим,Жоодар Россияга кетчү унааларды карап келгени жолго чыкты,анткени,самолетко акчабыз жок болчу.Жаныбыздагы акчаны тууган-урукка белек, кийим-кече алып берип,түгөтүп алган болчубуз,жыйнаган акчабыз бар дегенбиз да…»Барып,бир айда эле акчаңарды жөнөтөбүз» деп сурасак,»оой, бизде каяктагы акча дейсинер » дегенде,күйүп эле кетпедимби…

Ошентип,маанай түшүп,жолдо көргөн азабыбыз,үйдөн уккан сөзүбүз ашыкча болуп,салган акчабыздан кол жууп,

балдарымды ыйлатып таштаганым жүрөгүмдү эзип,кайра иштеп калдык.

Жоодар ар ишке бир барып, ичип келип,жарытылуу иштебей койду.Баягы

адатымча, 2-3 жерден жумуш таап,чуркап эле жүрөм.Квартира акысы,жеген-ичкен,

жол киреден ашырып,апама жөнөтөм,

«сактап туруңуз» деп…

Бир күнү тамак жасап бүтүп,Жоодарды күтсөм кечикти, жеп алып, эс ала берейин деп,эми алдыма койгондо,күндөгүдөй мас

абалында кирип келди.Оңой жошоого өтүп алганына ыза болуп,ордумдан козголбодум.Анан эле,коридорго чыгып,мени чакырды»Биякты бир карап койсоң » деп…Мүнөзүн билчүмүн, кыйкырып, башкалардын да тынчын албасын деп барсам, чачымдан тартып,сыртка булкуп чыгарды.Көз ачып,жумганча эле болуп кеткен үчүн,эч ким деле байкабай калды.Сөгүнүп туруп,бет талаштыра койгондо ,көзүмдөн

от чачырай түштү,өзүмө келе электе,4-кабаттан сүйрөп жөнөдү.Жаным көзүмө

көрүнүп,кыйкырайын десем,кошуна орустардын пейилин билем,милиция чакырса,баарынын тынчын алам да деп,

үнүмдү чыгарбай ,колунан чыкканга аракет кылып жаттым.Көп деле мас эмес экен,анткени,ылдыйдан келе жаткан кадамды угуп,токтоп калат.

— Чо с Вами,все в порядке?- деп бирөөсү токтоп калса,

—Даа…у нас свидание — деп коет.

Сыртка чыгарып,»Кирсең,дагы ушинтип сүйрөп чыгам» деп, эшикти жаап кирип кетти.Ноябрдын аягы болчу, үшүп чыктым,жанымдын ооруганы кыйнап турса да,онтогондон коркуп турам,бутумда тапочка да жок,телефонум зарядкага сайган жерде калган.Эшикти ачайын десем,башыма катуу тийгенби, кодду да эстей албай койдум.Тилегеним эле, тааныш бирөө келип калса экен дейм…

Басканынан таанып,сүйүнүп кеттим, бирге жашаган кыз жакындаганда сүйлөйүн десем,титиреп айта албайм…Мени көрүп,

чочуп кетти:

—Апей, сиз ичпейт элеңиз го ?

Эптеп түшүндүрдүм, үстүндөгү шарфын жаба койду.Экөөбүз сүйлөшкөн шарт боюнча ал алгач кирип чыкты,Жоодар кухняда тамактанып жатыптыр.Мен көрүнбөй кирдим,таң калып тиктегендерге

сөөмөйүмдү оозума алып келип,ишаарат бердим. Нурай мен түшүндүрөм дегенчелик кылып,шашылыш мени жолго даярдап жатты. Курткамды дароо кийдим, сумкамды Нурай көтөрүп,таксиге салып койду.Жолдо баратып, эжеме чалып койдум,жолго чыгып тур деп…

Эжемдин босогосун аттаарым менен өзүмдү кармай албай ыйладым,сүйлөп да жаттым.Ачуусу келген эжем жөнөмөкчү болду эле,суранып калтырдым, «Ашыкча нерв коротпойлу, мен эми аны менен жашабайм,өмүр бою эсимде калчу белек

тартуулады,бул белекти сөзсүз кайтарам »

деп,кекендим.

Түш оогондо телефон чалды,»Кайда жүрөсүң,адамды кыжалат кылып»- деп коет…

—Эрте кыжалат болупсуң го,түнү издеп албады бекен дедим эле, кыжалат болчу күнүң али алдыда ,- деп,өчүрүп койдум.

Жумушка чыга албай,эки жума дарыландым,Жоодар жашаган жеринен качып чыгып кетиптир,бирге жашаган кыздар улам абалымды сурап,жаңылыктарды жеткирип турушту.

Ошол боюнча качып жүрдү,телефон да чалбай.Бир жылдан кийин айылга келсем,кабардар болуп жүргөн экен,дароо үйгө келди,тизе бүгүп,кечирим сурап…

-Кой эми, көгөрбөй,ортодо балдарың бар,мындан жакшысын тапмак белең- деп,апам Жоодардын тарабын талашат.

Телефондон эжеме отчет берип турдум,мени ургандагы сүрөттү сактап койгон экен,дароо жөнөттү,апам көрүп,

түшүнө албай турду эле,атам көрөөрү менен, Жоодарга умтулду,жаны бар экен,чыга качты.

—Сени да ушундай кылып тепкилеймин, анан сүйлөшөбүз экөөбүз- деп,ачуусуна

алдырып,артынан кыйкырып жатты.

Ошол боюнча кулагым тынчыды, дагы бир жыл иштеп келейин деп,келген убагым.

Айтмакчы,Москвага кайтаар күнү апам, атам мени узатмак,каршы болгонуна карабай, эки баламды да алып алдым,аэропортко чейин болсо да ,кучактап барайын деп…Апам «жөн эле койбодуң да,уктаган боюнча калышат эле,

эми ээрчип,сени да ыйлатыша бекен? «деп жатты.

Убактым жетип,каттоодон өткөнү жөнөрүм менен,кичине балам мага жармашып,ажырабай койду.Чоң балама кулагына куюп келгенмин да,ыйлабай узаткыла,мени да ыйлатпагыла деп…

Аны карасам,таятасына жашынып алып, ыйлап жатат,мени көрбөсүн деп.Мен да ыйлап алдым, өзүмдү урушуп жаттым,балдарымды да,апамды ,атамды да кыйнап койгонум үчүн…

Азыр деле чырылдап ,мени «кетпе» деп ыйлаганы кулагыма угулуп,жүрөгүм ачышып кетет.Бир аз иштеп,кайра кайтам,атам да урушуп жатат,»жетпесе мен кошом,кел тезирээк,бир комната болсо да алып тур,ишиң бар,иштейсиң» деп,неберелерин аяп жатат.»Канча үйрүлүп түшүп,жебегенди жедирип жатсак деле,сенин сүрөтүңдү тиктеп отура беришет экен,кой эми,тез кел,куса болуп кетишти» дейт,курган атам.Ошол,алыста жүргөндөрдүн баарынын эле ойлору балдарында, ойлой беришип,ооруп калганы деле чыдап жүрүшөт.

Сизге айтып,бир төгүлүп алдым окшойт,балдарымды эстесем,тезирээк эле кайткым келет,ал жактагы жашоону элестетип,бир аз иштеп турайынчы дейм,

сиз айткандай,тез эле байып,каражат чогултуп,мекенге кайтсак экен…Жумушка

барчу убакыт болуп калыптыр,мен жөнөдүм,эже,аман болуңуз,- деп,

телефонун өчүрдү…

Ылайым эле тапканыңар берекелүү болсун,кабат-кабат салбасаңар да, үстүңөрдө үйүңөр болсун,ал үй кичинекей

болсо да,ичи сүйүнүчкө,мээримге, жылуулукка,балдарыңардын бактылуу күлкүсүнө толуп турсун деген тилекти жараткандан тилеп жаттым.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️