Зардалы айылынын эли президент Садыр Жапаровду кантип узатты?

Акыркы жанылыктар

TurmushПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына тик учак менен барды.

Сапардын жүрүшүндө президент өлкөнүн социалдык-экономикалык жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Ал алыскы аймактардагы калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана ири долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда аймактагы социалдык көйгөйлөр айтылды. Мисалы, жол маселеси. Март, февраль айларында баштала турчу Зардалы жолун эртелетүү тапшырмасы коюлду. Ошондой эле келерки жылга аймакка 3 кичи ГЭС курулары, уюлдук байланыш, интернет антенналарын тартуу, ошондой эле аймактагы фельдшердин айлык аксын жогорулатуу сунушу айтылып, тез жардам унаасы берилери айтылды. Анткени учурда ФАПта кызматкер жок. Зардалы айылы тоолуу аймак катары көрсөтүлгөнү менен жеңилдиктер каралбай келгенин тургундар билдиришти. Президент алдыда бул жеңилдиктерди тургундар пайдалана ала тургандыгын убадалады.

Садыр Жапаров айтылган маселелер боюнча Президенттин администрациясынын кызматкерлерине тиешелүү тапшырмаларды берди.

Пример HTML-страницы

Учурда Зардалы айылында 50гө жетпеген кожолук жашап жатат. Аймакта электр энергиясы, мобилдик байланыш, жол негизги көйгөй.

Зардалы айылы жөнүндө баян:

Түйшүктүү жол, электр жарыгы жок аймак экенине карабай Урмат Эшанкулова 40 жылдан бери Баткендин Зардалы айылында жашап келет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы буга чейин элеттиктерден кабар алып келген.

Өзүнүн айтымында, айылда ал келин болуп келгенден бери абал өзгөргөн эмес.

«Бизде 1 жылда 3 ай жол ачылат. Дары-дармек, керектүү азыктарды камдап алабыз. Ден соолугубуз чың, Кудайга шүгүр. Бизде электр жарыгы, жол, байланыш маселеси бар. Жаштар баары көчүп кетишкен. Кары-картаңдар калганбыз. Кышында кожолук азайып калат», — деген ал.

Зардалы жашоо шарты оор аймак катары белгилүү болгону менен жаратылышы өзүнө сыр катып тургандай. Капчыгайга бир эле облустун тургундары зыярат кылбастан кызыккандардын саны арбын. Алардын катарын Ош облусунун тургуну Улукбек Сейдалиев толуктайт. Ал бир эмес, бир канча жолу келип кеткенин айтат.

«Касиеттүү, тарыхый жайлары көп, салкын аймак. Зардалынын жолу түйшүктүү. Унаа токтогон жерден ары 6 чакырым жөө кетиш керек. Зардалы өзү көп бийик деле эмес, болгону деңиз денгээлинен 1750 метр бийик. Салкын сонун жер.

Бара жаткан жолдо Кызыл-Булак бар. Өзгөндүн Кара-Шоросундагы суу белгилүү го, кудум ошондой дары суу чыгат. Андан ары барганда көп жылдык арчаны тегерете адам колу менен таш тосмо жасашкан.

Зардалыда революция убагында Баткендин чыгаан уулдары атылган жер деген кептер бар. Жергиликтүүлөр Арча-Мазар деп коюшат экен. Андан ары жүрө бергенде таш боорунда тамчы үзүлбөгөн жар бар. 2685 метр бийик Кара-Белес ашуусу бар. Ар бир жердин тарыхы уламыштары бар. Жол боюнда Шурман-Таш жайы кезигет. Ал жерге балалуу болбогондор барып зыярат кылып, бала тилешет экен. Мен Зардалы айылына көп жолу баргам, жаратылышы кооз аймак», — деген Сейдалиев.

Тарых изилдөөчү Абдинаби Кадыровдун айтымында, Зардалыдагы Кызыл-Булак адамдын ден соолугуна пайдалуу экендиги айтылат.

«Булак көрүнүп тургандай эле кызыл түстө. Ал булакта темирдин запасы көп болгондуктан, карний, магний бар. Ал адамдын ашказанына жана ичеги карын ооруларына дары болот.

Баткендин Зардалы аймагы көп тарыхты камтыйт. Бул капчыгайда Кокон хандыгында биринчи жолу кыргыздар орус аскерлеринин мизин кайтарышкан. Анда 600 жигити менен Ашыр-Ноо жайлоосунда жазалоочуларды күтүп турушкан. Салгылашууда Лящевский менен Сполатбог кыргыздарды багындыра албай, чегинүүгө аргасыз болгон», — деген Абдинаби Кадыров.

Ошондой эле Зардалыга бара жаткан жолдон Кудаяр хандын чебин көрүүгө болот.

Зардалыда көп жылдык дарактар кездешет. Алардын эң көп жашаганы 6 кылымды түзүп, учурда да мөмө берет.

«Зардалы айылынын абасы таза болгондуктан бак-дарактар да көп жыл жашайт. Ага 6 кылымдан бери өсүп, жашап жаткан өрүк жана алмурут дарагы далил. Алардын бою 5-6 метрди түзүп, 3 адамдын кучагы араң жетет. Жыл сайын мөмө байлайт. Жергиликтүү эл жыл сайын түшүм алышат.

Мындан сырткары айылда 300-400 жыл мурда тигилген бак дарактар бар», — деди дыйкан Турсунали Төлөмүшев.

Зардалы айылы район борборунан 100 чакырымдай алыстыкта жайгашып, 6 чакырым жол аска боорунда жалгыз аяк жол менен жүрөт. Аймакта жазында 70-80 кожолук болсо, кышында 30-35 кожолук калат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️