Пример HTML-страницы

Юристтин кызы Жаңыл Карыбаева келечекте өзүн кардиохирург катары көргүсү келет

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Ата районунда 3 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу боюнча билимин тастыкташты. Алардын бири — Жаңыл Карыбаева. Ал Кант шаарындагы Д.Зубков атындагы №1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү.

Жаңыл 2007-жылы Кант шаарында төрөлгөн.

«Окуу мага оңой эле. Көп деле аракет кылбайм. Анткени сабактын баары эсимде калат. Мага бардык сабактар ​​жагат. Бирок алардын арасынан химияны баса белгилегим келет. Абдан кызыктуу илим. «Алтын тамга» алуу үчүн 11-класстын орто ченинде даярдана баштагам. Ошол кезде гана максат койгом. Ага чейин ал жөнүндө такыр ойлонгон эмесмин. Келечекте кандай кесиптин ээси болбоюн, ийгиликтүү болгум келет.

Ата-энем юрист, мен башка багытты тандайм. Күчтүү кардиохирург болом деген пландарым бар. Учурда И.К.Ахунбаев атындагы КММАга тапшырууну пландап жатам. Бош убактымда сүрөт тартам», — деди ал.

———

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарынан – 68 окуучу,

Чүй облусунан – 20 окуучу,

Ош облусунан – 17 окуучу,

Жалал-Абад облусунан – 9 окуучу,

Баткен облусунан – 9 окуучу,

Талас облусунан – 8 окуучу,

Ысык-Көл облусунан – 6 окуучу,

Нарын облусунан – 6 окуучу,

Ош шаарынан – 6 окуучу.

Тестирлөө 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты. Талапкерлер «Алтын тамга» тестин 4 предмет боюнча тапшырышты — математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия .

«Алтын тамга» тестинин жыйынтыгы боюнча 17-19-майда апелляция жүргүзүлүп, 181 кайрылуу түштү.

Былтыр «Алтын тамга» аттестатына 167 бүтүрүүчү ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE