Ысык-Көлдө жолго капсынынан чыга калган жандыктык айынан кырсык орун алды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районунун Оттук айылында жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, түнкүсүн «Тойота Альфард» үлгүсүндөгү унаа жолго чыга калган жылкыны сүзүп, кырсыкка учураган.

Бул маалыматты Тоң райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыктап, окуя кечээ, 14-ноябрда саат 20:30 чамасында болгонун билдиришти.

Анда «Тойота Альфард» үлгүсүндөгү унаасы Каракол шаарынан Бишкек шаарын көздөй бара жатып, Оттук айылынын кире беришинде жылкыны сүзүп алган. Кырсык болгон жерде эч ким жабыркаган эмес, материалдык чыгым келтирилген.

Пример HTML-страницы

Жол кыймылынын эрежелеринин 1.2 пунктуна ылайык, мал айдаган жарандар жол кыймылынын катышуучусу болуп саналат.

Мал айдаган жарандарга жол кыймылынын эрежелеринин 24-бөлүмүндө көрсөтүлгөн айрым талаптар коюлат:

24.5 пунктуна ылайык, малды жол аркылуу, күндүз айдоо керек. Жергиликтүү маанидеги жолдорду кошпогондо аларды унаа жолдорунун боюна жана газондорго жаюуга тыюу салынат. Мал айдагандар малды мүмкүн болушунча жолдун оң жагына жакын айдоого тийиш.

27.7 пунктунун негизинде арабаны (чананы), минилүүчү, көлүк малдарды жана малдын тобун айдоочуларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

— малды жолго кароосуз калтырууга;

— атайын бөлүнгөн жерлерден башка жерде, ошондой эле караңгыда жана айлана начар көрүнгөн шартта малды темир жол жана жол аркылуу айдоого (буга ар кандай деңгээлдеги мал айдоочу жерлер кирбейт);

— башка жолдор бар туруп асфальт жана цемент-бетон төшөлгөн жол боюнча мал айдоого;

— чегилбеген малды кыймылдын багытында арабадан бир метрден ашпаган аралыкка оң жакка байлабастан арабаны (чананы) башкарууга.

Жол кыймылынын эрежелеринин ушул пункттарынын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесине ылайык (Жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, араба башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) 1000 сом өлчөмүндө айып салынышы мүмкүн.

Жогорудагы жоопкерчиликтен тышкары, эгерде жол кырсыгына жолдогу мал себеп болгондугун соттук-техникалык экспертиза тарабынан тастыкталса, анда мал ээсинен транспорт каражатынын ээсине келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толтуруу талап кылынышы мүмкүн.

Мекемеде белгилегендей, эгерде ушундай жол кырсыгынан унаадагы адамдар денелеринен жаракат алса, анда мал ээлери алардын дарылануусун төлөп бериши керек. Ал эми, адамдар каза болуп калса, анда мал ээлери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышы мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️