Ысык-Көлдө түн ичинде жүргүнчү ташыган автобус кырсыкка кабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Чок-Тал айылында жүргүнчү ташыган автобустун катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталды.

Күбөлөр Turmush басылмасына билдиргендей, Каракол—Бишкек каттамындагы автобус бүгүн, 28-сентябрда саат 04:40 чамасында кырсыкка кабылган. Кырсыктан кийин автобустун эшиги ачылбай, терезе сындырганга эч нерсе табылбай, ичин түтүн каптап кеткен.

«Кош бойлуу жубайым автобустун ичинде эле. Кырсыктан кийин жаман болуп жатат. Ал автобустун ичи заматта ыйга толуп, элдер түтүндөн жөтөлүп, ызы-чуу болуп кеткенин айтты. Автобуста оорулуу адамдар, жаш балдар да болгон. Чыксак эле мүрзөдөн чыктык дешти. Кудай сактап, ӨКМдин кызматкерлери тез келип, элди бат куткарып калыптыр», — дейт күбөлөрдүн бири.

Жүргүнчүлөр ар бир билетке камсыздандыруу катары 50 сомдон алынарын айтышты.

Ал эми Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кырсык боюнча тактоо жүрүп жатканын билдиришти.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️