Ысык-Көлдө милициянын подполковниктери — Р.Бердибаев жана С.Усубакуновду ардактуу эс алууга узатышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында тергөө кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Руслан Бердибаевди жана басма сөз кызматынын жетекчиси, милициянын подполковниги Сталбек Усубакуновду ардактуу эс алууга узатуу салтанаты болуп өттү.

Аталган офицерлер 30 жылдан ашык өмүрүн ички иштер органдарында кызмат өтөөгө арнап, жогорку кесипкөйлүктү, кызматтык чеберчиликти жана берген антына чексиз берилгендигин көрсөтүштү.

Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Руслан Бердибаев кызмат учурунда аймактагы тергөө иштеринин өнүгүшүнө жана анын сапатын жогорулатууга чоң салымын кошкон. Анын кесипкөйлүгү, ыкчамдыгы жана кызматтык милдетине берилгендиги көптөгөн резонанстуу кылмыш иштеринин ачылышына өбөлгө түздү. Бул өзү, укук тартибин жана жарандардын ички иштер органдарына болгон ишенимин бекемдөөгө оң таасирин тийгизди.

Көп жылдар бою басма сөз кызматын жетектеп келген милициянын подполковниги Сталбек Усубакунов ички иштер органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун жана ыкчам чагылдырылышын камсыздоо менен милиция менен коомдун ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жөнгө сала алды. Анын эмгегинин аркасында милициянын иши тууралуу көптөгөн маалыматтар коомчулукка жеткиликтүү болуп, калк арасындагы милиция кызматтынын кадыр-баркын бекемдеди.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Мурат Боронов өз сөзүндө эки офицер тең ички иштер органдарында узак жана татыктуу жолду басып өтүп, кыргыз милициясынын тарыхында өздөрүнүн изин калтырганын баса белгиледи. Ал алардын коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоого кошкон баа жеткис салымы үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, алардын кесиптик тажрыйбасы жана билими азыркы жана келечектеги кызматкерлерге үлгү болорун белгилеп кетти.

Облустук милициянын башчысы Мурат Боронов жаңыдан ардактуу эс алууга чыккан ардагерлерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Пример HTML-страницы

Ал Ички иштер органдарындагы кызмат — бул жөн гана кесип эмес, толук берилгендикти жана кайраттуулукту талап кылган өзгөчө кесип экенин белгилеп, Руслан Бердибаев менен Сталбек Усубакунов бул баалуулуктарды көп жылдык кызматында чагылдырганын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️