Ысык-Көлдө милициянын ардагерлери үчүн салтанат уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата иш-чара уюштурулду.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, салтанатка 200гө жакын ардагер катышты. Ардагерлер өз кызматынын жаркын көз ирмемдерин эскеришти. Милиция кызматкерлери тарабынан даярдалган атайын концерттик программа тартууланды.

ОИИБдин башчысы, милициянын генерал-майору Мурат Боронов ардагерлерди куттуктады.

«Ар бириңиздер — биздин милициянын сыймыгы, сиздердин кызмат биздин өлкө үчүн зор мааниге ээ», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️