Ысык-Көлдө кемелерди жана скутерлерди текшерип жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда суу кемелеринин жана скутерлердин ээлери текшерилип жатат.

Иш-чарага облустук туристтик-экологиялык милициянын, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү катышууда. Бул иш-чара өкмөттүн 1999-жылдагы 11-майындагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө кемелердин сүзүү эрежелерин сактоону камсыз кылууга багытталган.

Ысык-Көл районунун көл жээгинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 12 кеме билети берилип, сууда сүзүү эрежелери бузулгандыгы үчүн 4 протокол түзүлдү жана атайын унаа токтотуучу жайга 3 скутер, 1 кайык коюлду.

«Текшерүү көлдөгү коопсуздукту жогорулатуу жана суудагы кырсыктардын санын азайтуу максатында жүргүзүлүүдө. Түшүндүрүү иштери учурунда милиция кызматкерлери, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү суу транспортунун ээлерине жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого багытталган белгиленген эрежелерди жана нормаларды сактоонун маанилүүлүгүн эскертүүдө.

Иш-чара уланууда жана ушул сыяктуу текшерүүлөр жайкы туристтик мезгил учурунда үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️