Ысык-Көлдө балдары менен кырсыкка кабылган айдоочу видео кайрылуу жасады

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Бостери айылында жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылды.

Кырсыктан кийин айдоочу видео тартып, унаада 3 кичинекей баласы болгонун, мал ээлерине убалдан коркпой малдарын кароосуз калтырганын айтып нааразычылыгын билдирген.

Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү аталган факт болгонун тастыктады

2024-жылдын 15-октябрь күнү саат 18:40 чамасында Каракол шаарынын тургуну — 1986-жылы туулган айдоочу К.А.К. жүк ташуучу «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасы менен Балыкчы—Ананьев—Каракол жолунда бара жаткан. Бостери айылынын күн чыгыш тарабынан жолго капысынан чыга калган бир баш жылкыны сүзүп, жол кырсыгына учураган.

Жол кырсыгынын натыйжасында автоунаага материалдык чыгым келтирилген, жабыркагандар болгон эмес.

Пример HTML-страницы

Окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, ветеринардык кызматтын өкүлдөрү менен бирге болушуп, алдын ала териштирүү учурунда жылкынын чип белгиси болбогондуктан, анын ээсин табууга мүмкүнчүлүктөр болгон жок.

Аталган жол кырсыгы Ысык-Көл РИИБдин кылмыш жана окуяларды каттоо китебине катталып, жылкынын ээсин таап, мыйзамдуу чараларды көрүү максатында ыкчам-издөө иш-чаралары уюштурулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️