Ысык-Көлдө адамдын кан болгон денеси табылып, кылмышка шектүү ага эмне кылгандыгын айтып берди

TurmushЫсык-Көл облусунда адам өлтүрүүгө шектелип, бир жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-апрель күнү саат 05:00 чамасында Каракол ШИИБдин нөөмөт кызматына кабар түшүп, анда Каракол шаарындагы үйлөрдүн ичинен азиат түспөлүндөгү адамдын кан болгон денеси табылганын билдирилген.

Бул факт Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, КРдин Жазык кодексинин 130-беренеси («Адам өлтүрүү») менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуя болгон жерге келген милициянын тергөө-ыкчам тобу сырткы кароо жүргүзүү учурунда, өлгөн адамдын денесиндеги издер, киши колдуу болгондугу аныкталган. Көп узабай, жабыркаган адамдын өздүгү да такталган. Ал ушул эле үйдүн тургуну 54 жаштагы Д.А. болуп чыкты. Өлүм эмненин негизинде болгонун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайыдалган жана кылмышка шектүүлөрдү аныктоо, ошондой эле аларды колго түшүрүү боюнча тийиштүү издөө издери башталган.

Тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Түп районунун 41 жаштагы тургуну А.А. качып жүргөн жеринен колго түшүрүлдү. Алдын ала сурак учурунда, ал экөө спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетишип, бир нече жолу баш тарапка ургулап сабагандыгын айткан. Алган жаракаттардын кесепетинен ошол эле жерден каза болгон.

Шаардык соттун чечими менен кармалган шектүүлөргө карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Пример HTML-страницы

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️