Ысык-Көлдө 70 жаштан өткөн тургундар үчүн сый тамак уюштурулуп, белектер берилди

Акыркы жанылыктар

Turmush1-октябрь — Карыялардын эл аралык күнүнө карата Ысык-Көл районунда майрамдык иш-чара өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы башчысынын орун басары Рамис Мамбеталиев район аймагындагы 100 жаштан өткөн карыяларды үйлөрүнө барып куттукташып, майрамдык белектерди тапшырышты.

Райондун Шайыбек ата айыл өкмөтү тарабынынан уюштурулган иш-чара концерттик программа менен уланып, кутман карыларга жагымдуу маанай тарттууланды. Ага Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов, Шайыбек ата айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Абдрахманов баштаган жетекчилер куттуктоолорун билдиришип, карыялардын коомдогу өзгөчө ордун белгилешти.

Майрамдык иш-чаранын соңунда аймактагы 70 жаштан өткөн ата-апалар үчүн сый тамак уюштурулуп, белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️