Ысык-Көлдүн туристтик аймактарында милициянын жаңы участкалык пунктары ачылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 24-июнь күнү Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатынын аймагында жана Чолпон-Ата шаарынын шаардык пляжында жайгашкан милициянын жаңы участкалык пунктарынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Ысык-Көл ОИИБдин башчысы, милициянын генерал-майору Мурат Боронов жана райондун акими Жапарбек Ормонов катышты. Пунктардын ачылышы популярдуу туристтик аймакта коопсуздук деңгээлин жогорулатууга жана коомдук тартипти сактоого багытталган.

Чолпон-Ата шаарынын жана Бостери айылынын аймагында эс алуу үйлөрүнүн жана пансионаттардын негизги бөлүгү жайгашкандыктан, бул жерге өлкөнүн бардык аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн көптөгөн туристтер жана эс алуучулар келишет. Буга байланыштуу эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын артыкчылыктуу милдети болуп саналат. Милициянын жаңы участкалык пунктары пансионаттын жана ага жакын жайгашкан аймакта коопсуздук чараларын олуттуу күчөтүүгө багытталган.

Чогулгандардын алдында сөз сүйлөп жатып, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Мурат Боронов коомдук коопсуздукту сактоо үчүн мындай пункттардын түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, жаңы участкалык пунктар бардык керектүү каражаттар жана техника менен жабдылганын белгиледи. Милициянын жаӊы пунктарында кырдаалды ыкчам көзөмөлдөөгө жана ар кандай инциденттерге өз убагында жооп берүүгө мүмкүндүк берүүчү видеобайкоо системалары орнотулган. Буга коопсуздук камералары гана эмес, милициянын ишин натыйжалуу кылган заманбап байланыш жана мониторинг каражаттары дагы кирет.

Өз сөзүндө райондун акими Жапарбек Ормонов милициянын жаңы участкалык пунктары курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелеринин аймагында коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү кадам болуп калаарына ишенимин билдирди. Ал белгилегендей, мындай пунктардын түзүлүшү — бул туристтер үчүн эс алуу шарттарын жакшыртууга гана эмес, жергиликтүү тургундар үчүн коопсуздук деңгээлин кыйла жогорулатууга карай жасалган кадам. Ошондой эле, көрүлүп жаткан мындай чаралар укук бузуулардын алдын алууга, эс алуу жайларында жана анын айланасындагы бардык адамдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

Пример HTML-страницы

Милициянын жаңы участкалык пунктары ар кандай окуяларга тез чара көрүүдө жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылууда жергиликтүү бийлик жана калк менен тыгыз байланышта иш алып барат. Ошондой эле, милициянын участкалык пунктары бардык эс алуучулардын жана жергиликтүү тургундардын коопсуз маанайын түзүүгө көмөктөшүп, аймактын коопсуздук инфраструктурасынын ажырагыс бөлүгү болуп калат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️