Ысык-Көлдүн чыгышында тоюттун алтернативдүү жолу колго алынууда. Дыйкандар силос даярдап жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунда тоюттун алтернативдүү жолу колго алынып жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, бул жылы дыйкандар 738 гектар жерге жүгөрү айдаган. Учурда жүгөрү жыйналып, силос басылып жатат.

Ак-Суу райондук айыл чарба бөлүмүнүн башкы адиси Замир Муканбетовдун маалыматына караганда, дыйкандар жүгөрүнүн гектарынан 350 центнерден түшүм алууда.

«Өткөн жылы тоют каатчылыгынан улам дыйкандар бул жылы 200 гектарга көп айдашты. Түркиядан алынып келген жана өзүбүздүн Ала-Тоо үрөндөрүн себишти. Бир гектар көп жылдык чөптөн 10 тонна алынса, жүгөрүнүн бир гектарынан орточо 40-45 тонна силос алса болот», — деди ал.

Буга чейин Turmush Чүй облусунда тоют чөп кымбаттап, анын ордуна силос сатып алууга өтүшкөнүн жазган.

Пример HTML-страницы

Дыйкандардын айтымында, силос үнөмдүү болот.

Кемин районунун Чым-Коргон айылында жашаган фермер Манасбек Жамангулов быйыл 3 гектар жерге силос өстүргөн.

«Силос — бул жүгөрүнүн сабагы менен кошо майдаланганы. Мен былтыр чуңкур жасатып, ошого силос бастырып алгам. Анын үстүнөн эки күн бою трактор менен тебелейбиз. Себеби арасында аба калбашы керек. Тебелеген соӊ целлофан менен жаап, жээктерин топурак менен бүтөп, үстүнө жарактан чыккан дөӊгөлөктөрдү коюп коебуз. 2-3 айдан кийин силос бышып калат. Анан жем катары бере беребиз. Силосту чуңкурга деле, түз жерге деле басса болот. Негизгиси аба кирбесе болду. Үстүнө мал баспагандай кылып коюш керек. Эгер целлофан тешилип кетип, аба кирип калса, ошол жеринен чирий баштайт», — деген ал.

Ошондой эле Нарын облусунун Кочкор районундагы дыйкандар жүгөрүдөн тоют даярдашат.

Быйыл райондун аймагында 350 гектар жүгөрү өсүмдүгү айдалган. Жүгөрү аянтынын 1 гектарынан 40-45 тоннадан жашыл масса алынып, силос бастырылып жатат.

Фермер Таалай Осмоналиевдин айтымында, Жаңы-Жол айылынын дыйкандары «пионер» жана «краснодар» аталышындагы эки түрдүү жүгөрү айдашкан.

«Жүгөрүнү райондун аймагында биринчилерден болуп, Жаңы-Жол айылында 23-апрелде сепкенбиз. Кийин башка айылдарда себишти. Бүгүнкү күндө өзүнүн маалында, кондитциясына жеткен учурда чаптырып жатабыз. Эгер мындан эрте чаптырсак былжырап, өткөрүп чаптырсак бышып кетип, силоско жарабай калмак. Быйыл гектарына 45 тоннадан айланды. Өткөн жылы 55 тонна алган элем. Жазында үшүк жүрүп кеткендигине байланыштуу быйылкы түшүмдүн салмагы бир аз кемип калды окшойт», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️