Ысык-көлдүк Оксана турмушка жашыруун чыгып, туугандарын шок кылган

Turmush«Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Түп районунун 38 жаштагы тургуну Оксана Абдылдаева. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Өзүм Ысык-Көл облусунун Орто-Өрүктү айылында төрөлгөм. Билимим жогорку. Учурда балдар менен үйдөмүн. Жолдошум Кайрат Молдогазиев 1982-жылкы. Балдарыма мээримдүү жана камкор ата, мага сүйкүмдүү жана шайыр жубай. Баарыбыздын көңүлүбүздү карап турат.

Турмуш жолуна 23 жашымда аттандым. Жолдошум менен ооруканада таанышканбыз. Анда сөз башынан болсун. Аябай катуу ооруп калып, ооруканага жаткам. Ошол учурда болочоктогу жолдошум да ооруп, дарыланып жатыптыр. Экөбүз бири-бирибизди бир көрүп жактырып калдык. Ошол ооруканадан таанышып, жылдызыбыз келишип кетти. Ортобузда сүйүү сезими пайда болгон соң, баш кошууга шашылдык. Бейтапканадан 3 күнгө суранып чыгып, никебизди кыйдырып алдык. Баары бүткөндөн кийин ата-энебизге жана туугандарыбызга айтып, таң калтырдык. Көпчүлүгүнүн биздин жашап кетерибизге көздөрү жеткен эмес. Өзүм деле ишенген эмесмин (күлүп). Азыр Кудайга шүгүр, баары бизди суктануу менен карашат», — деди ал.

Каарманыбыз жаңы келин болуп келгендеги кызыктуу окуяларын эстеди.

«Үй-бүлөдө жалгыз кыз болгонума байланыштуу эрке кыз болуп бой жеттим. Тамак жасамак түгүл кир жууганды тың билчү эмесмин. Кайын журтум тамакты мыкты жасашат. Жаңы келин болуп барганда окшоштуруп тамак жасап, уялганымдан эшикке чыгып кетчүмүн. Күндөрдүн биринде жумуртка бышырам деп, «микроволновкага» салып койгон болчумун. Бир маалда чарт-чурт болуп, «микроволновка» жарылды. Ошол жерден уялганымдан кызарып, «микроволновканы» жууй баштадым. Ошондон кийин тамакты мыкты жасаганды өздөштүрөм деп, өзүмө сөз бергем. Азыр менден кыйын ашпозчу жок.

Жаңы үйлөнгөн жубайларды сабырдуу болуп, бири-бирине колдоо көрсөтүп, түшүнүүгө чакырам. Кээде сокур, кээде дүлөй, кээде дудук болуп коюу да көп нерседен сактайт. Бош убактым деле болбойт. Үйдө отурганыма байланыштуу жалгыз «Айша» мен болом. Үй жыйнайм, тамак жасайм, кир жууйм, балдар менен сабак окуйм дегендей.

Пример HTML-страницы

Биздин 1 кыз жана 2 уулубуз бар. Келечекте балдарга татыктуу тарбия берип, үй-бүлөм менен чет жакта эс алып келгим келет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️