Ысык-көлдүк Акак Казыева кол күрөшчүлөр кантип машыгарын көрсөтүп берди (видео)

Turmush«Жаш талант» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ой-Булак айылынын 16 жаштагы тургуну Акак Казыева. Ал бир жарым жылдан бери спорттун кол күрөш түрү менен машыгып келе жатканын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Үй-бүлөдө 4 бир тууганмын. Ата-энем айыл чарба тармагында эмгектенишет. Учурда С.Исмаева атындагы жалпы билим берүү мектебинде 10-класста окуйм. Дене тарбия сабагын окуткан мугалимим айылдагы жаштарды, мектеп окуучуларын спортко шыктандырып келет. Акыркы жылдары мектеп окуучулары облустук жана райондук беттештерде күч сынашып, ийгилик жаратууда. 9-класска келгенде башка окуучулардай эле өз күчүмдү сынап көрүү максатында мелдешке чыгууга аракет кылдым. Бул аракетимди баалаган мугалимим эч кандай даярдыгы жок эле Жети-Ѳгүз районунда өтүп жаткан турнирге алып жөнөдү. Алгач кол күрөштүн атайын ыкмаларын жана эрежелерин билбегенимден улам атаандашыма утулуп калдым. Жеңилүү ызасын тартка соң, «экинчи катышпайм» деп артка чегиндим. Анан ата-энем жана жакындарымдын колдоосу менен өзүмдү кайра колго алып, машыгууга бара баштадым. Кийинки мелдештерде да олжолуу орундарга ээ боло албай жүрдүм. Акыры талыкпаган мээнеттин жана машыгуулардын аркасында февраль айында өткөн облустук мелдеште жеңишти камсыздадым», — деди ал.

Учурда Акак Казыева Баткен облусунда өтө турган мелдешке жолдомо алып, кызуу даярдык көрүүдө.

«Бир жарым жыл каршылаштарыма утулуп жүрүп, жеӊишке жеттим. Жакынкы күндөрү облустун намысын коргоо максатында Баткен облусуна мелдешке барабыз. Айылыбызда спорт зал жок болгондугуна байланыштуу мектепте жана үйдө күнүнө 3 маал машыгып, күч топтоп жаткан мезгилим. 10 килограмм салмакка чейинки гантель, гиряларды көтөрөм. Мектепти аяктаган кийин дал ушул спорттун түрү аркылуу аскердик окуу жайга тапшырууну көздөп жүрөм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️