Ысык-Көл облусунда 3 мектеп онлайн режимден кадимки окуу процессине өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-сентябрдан тарта Ысык-Көл облусунда онлайн режимде окуп жаткан 5 мектептин ичинен үчөө кадимки окуу процессине өттү.

Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун маалыматына ылайык, алардын бири селден улам онлайн окуп жаткан Ысык-Көл районунун Темировка айылында жайгашкан Эркин Керимгазиев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби окуучуларга өз эшигин аяты. Онлайн окууга 18-август күнү айыл селден катуу жабыркаганы себеп болгон. Мындан улам ата-энелердин суранычы менен балдар аралыктан окуп жатышкан.

Ошондой эле, Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылынын Жунуш уулу Жапар атындагы жалпы орто билим берүү инновациялык мектеби жана Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын Ж.Алтымышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде оңдоп-түзөө иштери аятап, бүгүнтөн баштап кадимки шартта окууну баштады.

2 мектепте курулуш иштерине байланыштуу окуу онлайн улантылууда. Алар:

— Ак-Суу районунун Черик айылынын Т.Мамбетакунов атындагы толук эмес орто билим берүү мектеби ;

Пример HTML-страницы

— Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын Жаманбаев атындагы толук эмес орто мектеби.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️