Ысык-Көл облусунда 1 аптада мас абалдагы 46 айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда 4-ноябрдан 11-ноябрга чейинки аралыкта мас абалдагы 46 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, облустун аймагында жол эрежелерин бузган 1096 айдоочу аныкталып протоколдор түзүлдү. Анын ичинен мас абалында автоунаа башкарган айдоочулардан сырткары ылдамдыкты ашырып айдаган 376 учур, жол белгилерине баш ийбеген 353 учур, автоунааны тиешелүү документтери жок башкарган 10 жана унаа айдоого укугу жок 8 учур, терезесин күңүрттөп алып башкарган 3 жана башка жол эрежелерин бузган айдоочулар жана жолдо жүрүү эрежелерин бузган 103 жөө жүргүнчү аныкталды.

Жалпы 87 унаа айып короолорго токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️