Ысык-Көлгө куйган дарыялардан адаттан тыш кубулуш байкалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун жашоочулары акыркы күндөрү Кичи-Жаргылчак жана Ак-Терек дарыяларында суунун деңгээлинин көтөрүлүшүн байкап жатышат.

Жакынкы айылдардын жашоочулары суунун мындай деңгээли акыркы бир нече жылдан бери байкала электигин айтышууда. Жайкы суу ташкыны мөңгүдөн пайда болгон дарыяларга тиешелүү. Эки дарыя тең Ысык-Көлгө куят.

2024-жылдын июнь айында Тоң районунун Оттук жана Кара-Талаа айылындагы көлдүн жээги тартылганын жергиликтүү тургундар билдиришкен.

Алардын айтымында, акыркы 2 жылдан бери көлдүн суусу тартылып жатканын байкашкан.

«Быйыл 5-10 метрге чейин тартылганы байкалууда. Мурун биз түшүп жүргөн көл тартылып, ордуна көлчүктөр пайда болду. Бир жылы тартылып, кайра толуп турган Ысык-Көл абдан көп аралыкка тартылып кетти. Бул суунун аздыгынан улам деп ойлойбуз», — дешет алар.

Пример HTML-страницы

Суу ресурстары кызматынын маалыматы боюнча, Ысык-Көлгө жалпы 118 дарыя куят. Ошону менен катар көл бассейнинин батыш бөлүгүндө жаан-чачын, дарыя тармагы начар өнүккөн жана салыштырмалуу суусу аз. Ысык-Көл бассейнинин орто жана чыгыш бөлүгүндө суу катмары көбүрөөк дарыя менен мүнөздөлөт. Ири дарыялары Түп жана Жыргалаң дарыялары.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги түздүккө 101, ал эми көлгө 56 дарыя жана өзөн агат.

Ысык-Көлгө эң ири Түп, Жыргалаң, Каракол, Жууку, Тоң, Жети-Өгүз, Чоң-Аксуу, Чоң-Кызылсуу, Ак-Терек, Барскоон, Туура-Суу дарыялары куят.

Суу ресурстары кызматынын маалыматы боюнча, Ысык-Көл — Тарим бассейни Тарим дарыясынын (Лобнор көлүнүн бассейни) куймаларын Кыргызстандын аймагынын чегинде жайгашкан, Каркыра дарыясын (Балхаш көлүнүн бассейни) жана Чатыр-Көл бассейнин Ысык-Көл өзүнө камтыйт.

Ысык-Көл 1609 метр бийиктикте жайгашкан, аянты 6 миң 280 чарчы километр, көлдүн узундугу – 177 км, туурасы – 60 км, көлөмү – 1700 км3, жээк сызыгынын узундугу – 688 км, орточо тереңдиги – 278 м, эң тереңдиги – 668 м, батыштан чыгышка – 178 км, түштүктөн түндүккө – 60,1 км, пляждардын жалпы узундугу — 320 км.

2022-жылдын январь айында Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн суусу өзгөчө тартылып, азайып кеткенин биринчилерден болуп Чолпон-Ата шаарынын тургундары айтып чыгышкан. Андан кийин ушундай эле көрүнүштү башка райондун тургундары да байкаганын билдиришкен.

Ысык-Көл облусунда көл суусуна 50 жылга жакын убакыттан бери гидропостор көзөмөл кылып келишет. Эртең менен жана кечинде көлдүн суткалык нормалары өлчөнүп турат.

Алгач көл обсерваториясы болуп, 1928-жылы Сары-Ой айылында ачылган. 1971-жылы Чолпон-Ата шаарына көчүрүлүп, көл станциясы болгон. Аларга атайын кеме берилип, ачык Ысык-Көлдүн гидрологиялык режимин көзөмөлдөп башташкан. Анда суунун температурасы көл үстүндө жана атайын куралдардын жардамы менен (глубоководными термометрами) 100 метр тереңдикке чейин өлчөнгөн. 1973-жылдан тарта кошумча куралдар алынып келип, көлдүн химиялык курамын өлчөөгө мүмкүн боло баштаган. Кийин алар жалаң гана Чолпон-Ата шаарынын эмес, Каракол, Кажы-Сайда абанын булганышын да изилдеп баштаган. Буга чейин көлдүн айласында 6-7 пост болсо, учурда 4 жерде пост иштеп келет. Алар: Чолпон-Ата, Кой-Сары, Балыкчы жана Тамгада. Аталган посттордун изилдөөлөрүнө ылайык, Ысык-Көл көлүнүн деңгээли быйыл 30 сантиметрге чейин ылдыйлап кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️