Пример HTML-страницы

Ысык-Көлгө келин болгон Бактыгүл кесиби менен айылдыктарды таң калтырган

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айылынын 27 жаштагы тургуну Бактыгүл Бердыева. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде келиндик доору тууралуу айтып берди.

Бактыгүл Бердыева 2015-жылы Михайловка айылына келин болгон. Учурда мектепте дене тарбиячы мугалим болуп эмгектенип жатат. Анын айтымында, бала кезден тарта спортко ынтызар болгон.

«1995-жылы Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жарык дүйнөгө келгем. Шаардагы №2 мектептин босогосун аттап, 2013-жылы ийгиликтүү аяктадым. 5-классымда спортко болгон кызыгуум ойгонуп, жеңил атлетика боюнча машыгып жүрдүм. Анан Кара-Балтанын атынан Кыргызстандын чемпиону болдум. Кийинчерээк, 10-класста окуп жатканда спорттун волейбол түрүнө кызыгып, бул шыктануум менен биротоло спорт тармагын тандап, университетке тапшырдым», — деди ал.

Жогорку окуу жайга тапшырып, өз максатына жеткен Бактыгүл Бердыева учурда Шевченко атындагы мектепте иштейт. Ал окуучулар менен иштешүүдөн сырткары айылдагы кыз-келиндерди машыктырууда.

«Негизи мектепте окуп жүргөндө аба мейкиндигинде иштөөнү самап, стюардесса болууну кыялданчумун. Бирок спорт тармагына аралашып калган соң бул каалоом спортко ооп кетти. Ошентип 2013-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тапшырып, спорт боюнча факультетти ийгиликтүү аяктадым», — деди ал.

Ал жолдошу менен кантип таанышып калганын айтып берди.

«Жолдошум экөөбүз 11-класста окуп жүргөндө «агент» аркылуу таанышканбыз. Жылдызыбыз келишип, сүйлөшүп жүрдүк. Анан экинчи курска көчкөндө болочоктогу ата-энем кыргыздын каадасы менен сөйкө салып, алып кетишти. Келиндик доор кызыктуу болду. Айыл жергесинде суу сааты менен берилип, ага көнө албай кечке эле кранды бурай берчүмүн. Көл жергесинде жүгүнүү деген салт бар эмеспи. Алгачкы жолу көчөдөн өтүп бара жатып тааныштарга жөн гана салам берип, жүгүнгөндү унутуп калчумун. Негизгиси өмүрлүк жолдошум менин келечегим үчүн колдоо көргөзүп, окуумду игиликтүү аяктап алдым», — деди ал.

Б.Бердыева жолдошу менен учурда эки кызды тарбиялоодо. Ал келечекте спорт тармагын өнүктүрүүнү көздөп жатат.

«Мектепке 2019-жылы дене тарбиячы мугалим болуп орношком. Алгачкы жылдары айылдыктар дене тарбиячы аял мугалим деген таң калышты. Кийинчерээк мектептен курама команда түзүп, волейбол боюнча райондон мыкты ийгиликтерди жаратып келе жатабыз. Жергебизде спортко кызыккан кыз-келиндер жана улуу муундагы апалар арбын. Алдыда аларды фитнес боюнча машыктырууга даярмын. Эң негизгиси балдардын ден соолугу бекем болуусу 80% энеден көз каранды. Ошондуктан спорт менен ар дайым машыгып, көп оорунун алдын алса болот. Мен бул кесипти тандап алганыма өкүнбөйм. Анткени Кыргызстан келечекте волейбол боюнча чемпионаттарга аттанат деген тилектемин», — деп сөзүн жыйынтыктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE