Ысык-Көлдо польшалык жаран башкарып бараткан «Тойота» ала салып кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районунда жол-транспорт кырсыгы катталды.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, 2024-жылдын 17-августунда саат 14:30 чамасында Балыкчы шаардык тез жардам бөлүмүнө телефон аркылуу Тоң районунун Ак-Сай айылына жетпей жол кырсыгы катталганы маалымдалган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Анда Балыкчы—Бөкөнбаев унаа жолунун 62.5-чакырымында Польша мамлектеинин жараны —1993-жылы туулган З.М.нын башкаруусундагы «Тойота Секвея» автоунаасы чыгыштан батышты көздөй бара жатып, алдында бара жаткан «Хонда-СРВ» жана «Тойота Камри» унааларын капталыне чийип өтүп, жолдун түндүк тарабына ала салып кеткен.

Бул жол кырсыгы Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️