Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөн Өзгөнгө мэр болуп барган Д.Монолдоров тил маселеси боюнча үн катты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 10-март күнү Ош шаары жана Ош облусунун мекеме жетекчилери менен биргеликте мамлекеттик тилдин абалы боюнча жыйын болуп өттү. Ага тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев катышты.

Жыйында ишканаларда мамлекеттик тилге канчалак деңгээлде көңүл бөлүнүп жатканы талкууланып, көйгөйлөр айтылды. Райондук админстарациянын өкүлдөрү, айыл өкмөттөр, билим берүү мекемелеринин адистери мамлекеттик жана расмий тил боюнча маселелер жана иш кагаздар жөнүндө айтышты.

Жыйындын жүрүшүндө Өзгөн шаарынын мэри Дамир Монолдоров сөз сүйлөп, Өзгөндө кыргыз тили боюнча абал өтө оор деп сыпаттады. Көрнөк-жарнактар боюнча иш алып барууга, ага чара көрүүгө, ыйгарым укуктуу агенттиктердин ишине канааттанбай турганын белгилеп өттү.

«Абал өтө оор. Моюнга алышыбыз керек, моюнга албасак болбойт. Ооруга убагында маани бербесек, жаман нерсе ашкере кылат. Мыйзамда көп иштин баары архитектура менен монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлгөн. Ал эми иш жүзүндө жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү аткрып жатабыз. Алардын мыйзам ченемдүү актыларында ошолорго карата көрүлүүчү чаралар, айып пул, санкциялар жана башка нерселер жокко эсе экен», — деди ал.

Калаа башчысы Өзгөн мэриясынын кызматкерлеринин кыргыз тилинде сүйлөп, иш алып баруусунда да маселе бар экенин айтты.

«Кээ бир сөздөрду түшүнүп туруп, антоним жана синоним экенин билип туруп, бурмалап сүйлөйт экенбиз. Тилдин тазалыгына ким күйүш керек? Мен мисал катары айтып кетсем, телефон чалып, өзүмдүн алдымдагы кызматкерди чакырып жатам. «Эй, келчи бул жакка, келип калчы» десем, «оу, кетияптымын» дейт. «Мен кетпе, кел деп жатам» десем, кайра «ошол айтып жатам, кетияптымын» дейт. «Кетип жатам» менен «келе жатам» деген сөздүн эле маселесин айтып коёюн. Биздин туугандарга күлкүлүү болуп жатат. Бирок ушундай маселелерден иш жаралат», — деди Дамир Монолдоров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE