Ысык-Көлдөгү туристтик-экологиялык милиция жаратылышты коргоого чакырат (видео)

TurmushЫсык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы «Жер энени сактайлы» аталышындагы клипти даярдап чыгарышты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

  • 2022-жыл Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тарабынан Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланган.

«Бүгүнкү күндө адамдар жеке кызыкчылыктарын жогору коюп, жаратылышыбызга орду толгус зыян келтирип жатат. Клипте бул көрүнүш чагылдырылган. Ошондой эле айлана-чөйрөбүздү келечектеги муунга сактап калуу үчүн бүгүнкү күндөн баштап биримдикте аракет көрүү чакырыгы да камтылып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Ырчы Тата Улан туристтик-экологиялык милициясынын демилгесин туура түшүнү менен кабыл алып, аны колдоо максатында өзүнүн музыкалык чыгармасын клипте колдонууга уруксатын берген. Ырдын сөзү жана клиптин сценарийи облустук милициянын басма сөз кызматы тарабынан даярдалды. Ал эми ырды болсо 5-класстын окуучулары Жасмина Асматова менен Нурэл Мамбеталиев аткарышты.

«Бул клип менен биз адамдар менен табияттын биримдигин, айлана-чөйрөбүз менен болгон байланышыбызды аңдап билүүгө мекендештерибизди чакыргыбыз келет. Биздин клип кимдир бирөөлөрдү алгылыктуу иш-аракеттерге шыктандырса, кимдир бирөөлөрдү терең ойго салат деп чоң ишенич кылып жатабыз. Сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрүн, токойлорду сактоо, таштандыларды кайра иштетүү, айлана-чөйрөнү коргоо кайсы жерде жашап, кайсы жерде иштегенине карабаста, түздөн-түз адамдарга тиешелүү болот», — деп айтылат туристтик-экологиялык милициянын маалыматында.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️