Ысык-Көлдөгү пляждарда рейд өтүп, 10 бүркүт жана 3 кыргый алынды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл районундагы пляждарда рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Рейдге облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери, Экологиялык жана техникалык көзөмөл инспекциянын, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаралардын негизги максаты суу аттракциондорунун ишинин мыйзамдуулугун аныктоо жана экологиялык нормалардын сакталышын текшерүү болду.

Рейддин жүрүшүндө тийиштүү уруксат берүүчү документтердин болушуна, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын техникалык абалына жана коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулду. Текшерүүдө жапайы канаттууларды мыйзамсыз эксплуатациялоого байланыштуу олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бүркүт жана шумкар сыяктуу жапайы канаттууларды мыйзамсыз сүрөткө тартуу фактылары тастыкталды. Рейддин жүрүшүндө кооптуу абалда турган 10 бүркүт жана 3 кыргый алынды. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай кызмат көрсөтүүлөр мыйзамга каршы жана кооптуу болуп саналат.

Канаттуулардын ээлерине карата протоколдор түзүлүп, айып пул салынат. Алынган канаттуулар Каракол шаарындагы зоопаркка өткөрүлүп берилет, бул аларды коргоону жана калыбына келтирүүнү камсыз кылат.

Пример HTML-страницы

«Рейддер экологиялык эрежелерди сактоонун жана жапайы жаратылышты коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт. Укук коргоо органдарынын жана экологиялык инспекциянын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун туристтеринин да, жапайы жаратылышынын да коопсуздугун камсыз кылуу менен мындай мыйзам бузууларга жол бербөө иштерин улантышууда», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️