Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү мугалимдер эмгек өргүүсүнө канча акча алышты?

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush1-июндан тарта өлкөдө мугалимдер эмгек өргүүгө чыга башташты. Учурда эл арасында жана социалдык тармакта мугалимдердин эмгек өргүүлөрүнүн төлөмдөрү кызуу талкууланып жатат.

Билим берүү министрлиги мугалимдердин жана билим берүүнүн башка кызматкерлерине эмгек өргүүсүн төлөөгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 7 миллиард сомду түзгөнүн кабарлап, айрым район-шаарларда алдыңкы төлөмдөр канча сом болгонун кабарлаган.

Мындан улам Turmush басылмасынын Ысык-Көл облусундагы кабарчысы Каракол шаарында мугалимдер эмгек өргүүгө кандай төлөмдөрдү алганын сурап көрдү.

Каракол шаарында жалпы 1047 мугалим эмгектенип келет. Алардын бири Гүлзира Аргынбаева 35 жылдык эмгек жолунда биринчи жолу көп төлөм алганын, мугалимдер балдарга татыктуу билим берүүдө аракет көрөрүн айтат.

«Биринчи жолу ушундай көп эмгек өргүү төлөмүн алып жатабыз. Мындан ары дагы жакшы аракеттерди кылып, балдарга татыктуу билим берүүгө умтулабыз», — дейт ал.

Айбек Асанбеков да 29 жылдык эмгек жолунда быйыл жакшы төлөм алганын билдирди.

Мугалимдер эмгек өргүү төлөмдөрүн акыркы айдагы айлык маяналары менен бирге алууда. Ушундан улам каражат көбүрөөк түшкөнүн кабарлашууда.

«Акыркы жылдардагы эмгек өргүү төлөмүн айтсам, 5 жыл мурда өргүү төлөмү абдан эле аз болсо, акыркы жылдары бир топ өстү. Мына быйыл акыркы айдын айлыгы менен кошо 78 миң сом төлөм алдым. Бул мугалим үчүн чоң эле акча, жардам болот экен», — дейт 13 жылдан бери бул кесипти аркалап келе жаткан Наргиза Шарипова.

11 жылдан бери мугалим болгон Элмира Кыдырова да акыркы айдын айлыгы менен чогуу 70 миң сомдон ашык алганын билдирип, ал үй-бүлөсү менен эс алууга, ден соолук чыңдоо жана келерки окуу жылына даярданууга жардам болорун айтты.

Ошондой эле, 3 жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келе жаткан Гүлбара Үсөнова быйыл акыркы айдын айлыгы менен чогуу 60 миң сомго жакын каражат түшкөнүн, жаш кадр үчүн жакшы колдоо болгонун айтат.

Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, калаада мектептин мугалимдери 50 миң 900 сомдун тегерегинде эмгек өргүү акчаларын алышты. Ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары орто эсеп менен 42 миң 800 сомдун тегерегинде эмгек өргүү төлөмдөрү берилди.

  • Билим берүү жана илим министрлиги айрым мугалимдер эмгек өргүүсүнө канча акча алышканын билиришкен.

— Бишкек шаарында кыргыз тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 102 миң сомду түзүп, колуна 82 миң сом алды.

— Ош шаарында физика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 101 миң сомду түзүп, колуна 81 миң сом алды.

— Аламүдүн районунда орус тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 143 миң сомду түзүп, колуна 115 миң сом алды.

— Ат-Башы районунда мугалимдин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 94 миң сомду түзүп, колуна 77 миң сом алды.

— Москва районунда математика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 104 миң сомду түзүп, колуна 84 миң сом алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE