Ысык-Көлдөгү милиционерлер сууга секирип эс-учун жоготкон адамды куткарып калышты

Акыркы жанылыктар

Turmush9-июль күнү ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Ысык-Көлдө эс-учун жоготкон жаранды куткарышты.

Маалым болгондой, 9-июль күнү саат 21:00 чамасында Ысык-Көл районунда коомдук коопсуздукту камсыздап жүрүшкөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун кызматкери милициянын старшинасы Жалил уулу Шамил менен милициянын улук сержанты Айбек Бийдинов эс-учун жоготкон адамды куткарышты. Кочкор-Ата шаарынын 1990-жылы туулган тургуну көлгө пирстен секирип жатканда эсин жоготуп койгондугу белгилүү болгон. Милиционерлер аны көл жээгине алып чыгып, биринчи медициналык жардам көргөзүп, андан соң тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда туристтик мезгилге байланыштуу Ысык-Көл облусунда туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️