Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү мечиттин маңдайында катталган кырсыктан дагы бир кыздын өмүрү кыйылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл районунун Бостери айылында катталган кырсыктан жабыркагандардын ичинен дагы бир кыз каза тапты. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук ооруканасынан Turmush басылмасына билдиришти.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 2-июль күнү саат 07:10 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 85,600-чыкырымында «Мерседес-Бенц» жана «Киа К7» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү окуя болгон жерде көз жумган. Ошол эле күнү кырсыктан жабыр тарткан 4 жаран ооруканага келип түшкөн.

Алардын ичинен 2000-жылы туулган З.К (кыз киши) жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, саат 21:00 чамасында алган жаракатынан улам көз жумган. Учурда ооруканада 1993-жылы туулган Д.Ж. аттуу жаран дарыланып жатат. Ал эми 1998-жылы туулган эки жаран медициналык жардам алып, бир күндөн кийин ооруканадан чыгып кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE