Ысык-Көлдөгү корукчулардын үйүнө аюу кирип, тамак-аштарды жеп кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө токой корукчуларынын үйүнө үчүнчү ирет аюу кирди. Бул тууралуу Кыргызстандын «Ак илбирс» фондунун директору Кубанычбек Жумабай уулу маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган корукта корукчулар лагери жайгашкан. Аюу бул жакта эч ким жок учурда төртүнчү ирет кирип, мындагы тамак-аштарды чачып жеп кеткен. Корукчулар фотокапканын коюшкан.

Ал эми аталган коруктун Эшек-Арт аймагындагы корукчуладын үйүн аюу бузганга аракет кылган.

«Аюу киши бар учурда келбей, жытынан билишет. Аттар да дабыш берип турат. Аюу балдары менен келе жатканда астынан чыкканда, үңкүрдөн, ийинден эрте чыкканда,атканда адамга кол салат. Калган учурда булар дайыма суур, чөп жеп жүрүшөт», — деди корук кызматкерлери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️