Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү кемелер кантип пайда болгон? Архивдик сүрөттөр

TurmushЫсык-Көл облусунда жай айында көл үстүнөн ар кандай кеме, кайыктарды көрүүгө болот. Алар көбүнчө эс алуучуларды көл үстүндө сейилдетүүчү транспорт катары колдонулат. Облуста бул тармак кантип түптөлгөн? Turmush басылмасы тарых барактарына көз чаптырды.

Ысык-Көл өрөөнүндө кемечиликтин башталышы 1900-жылдардын айланасына туура келет. Ал мезгилдеги кемелердин ээлеринин бири соодагер Сулайманов болгон. Ал соода менен алектенип, товар ташуу максатында бир парустуу (300 тонна жүк көтөргөн) жана үч парустуу кемеси болгон. Азыркы Жаргылчак айылы жайгашкан аймакта Сулаймановдун карагай иштетүүчү заводу болгон. Кемелерге жүктөлгөн карагайлар Рыбачье портуна жеткирилип, андан Пишпекке жөнөтүлүп турган.

1924-жылы айыл чарба коммунасы тарабынан Түп булуңунда «Коммунар» жана «Красный восток» моторлуу катерлери курулган. Алардын ар биринин жүк көтөрүмдүүлүгү 6-8 тонна болгон. Булар негизинен эгин азыктарын, айыл чарбасына, өнөр жайына керектелүүчү курулуш материалдарын ташыган. Жылдан жылга көл өрөөнүндө өнөр жайдын жана айыл чарбасынын өнүгүшү менен суу транспортуна болгон талап арта баштаган. Ошол себептен 1925-жылдын аягында Рыбачье поселогунда Орто Азия кемечилик башкармалыгынын Рыбачье мамлекеттик кемечилиги (башкы башкармалыгы Ташкент шаарында болгон) ачылып, 1926-жылы Каракол пристаны курулган.

1926-жылы Чоң Жаргылчакта жүк көтөрүмдүүлүктөрү 200 тонна болгон «Прогресс» жана «Пионер» кемелери курулуп, 1927-жылы ишке берилген. Бул кемелер Рыбачье—Каракол маршрутун 5 суткада өткөн. Бул мезгилде Кытай Республикасы менен соода алакалары жүрүп, кемелер аркылуу Рыбачьеден Караколго өнөр жай товарлары, нефть продуктылары келсе, Караколдон Рыбачьеге жүн, тери жана башка айыл чарба сырьелору ташылган. Ал сырьелор Синьцзянга (Батыш Кытайга) жөнөтүлүп турган.

1929-жылдан тарта Ысык-Көл чөлкөмүндө дан азыктарын кабыл алуучу даярдоо пункттарынын ачылышы жана мал чарбачылыгы боюнча совхоз, колхоздордун уюшулушу Ысык-Көл кемечилигинде жүк ташуунун өсүшүнө өбөлгө түзүп, жүк ташуунун көлөмү 12,8 миң тоннага жеткен. Жүк ташуу менен бирге жүргүнчүлөрдүн саны өсүп, жаңы кемелерди ишке киргизүү зарылчылыгы пайда болгон. Ошол себептен 1931-жылы Каракол пристанында жүк көтөрүмдүүлүгү 420 тонна болгон «Советтик Кыргызстан» теплоходу ишке кирген. Бул теплоходдун темир каркастарын бириктирип, ишке берүүгө Горький шаарынан атайын адистер чакырылган. Ушул эле жылы жүк көтөрүмдүүлүгү 200 тонна болгон «Пятилетка» теплоходу да ишке кирген. 1933-жылдан тарта көл жээгиндеги пристандарда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн «Пионер» теплоходу иштеп баштаган. Мындан сырткары Кой-Сары, Тамга, Жети-Өгүз, Ак-Суу курортторунун ачылышы менен эс алуучулардын же болбосо жүргүнчүлөрдүн саны арткан. Ошол себептен жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн 1935-жылдын 1-сентябрында «Киров» теплоходу ишке кирген.

Кыргызстандын экономикасынын өсүшү менен жүк ташуунун көлөмү да көбөйө баштаган. Мисалга алсак, 1931-жылы 29,6 тонна жүк ташылса, 1932-жылы 36,5 тонна, 1934-жылы 41,6 тонна, 1935-жылы 50,6 тонна, ал эми 1936-жылы 56,5 тонна жүк ташылган.

Көл кылаасында өз алдынча теплоходдорду чогултуу үчүн техникалык база жок болгондуктан 1937-жылы Балхаш-Илий кемечилигинен «Комсомол» жана «Обь» кемелери бөлүнгөн түрдө алып келинип, Рыбачье пристанында бириктирилип, 1938-жылы ишке кирген. 1936-жылы «Тамчы» совхозунда жүк көтөрүмдүүлүгү 75 тонна болгон «Ысык-Көл» теплоходу ишке берилген.

Көлдө кемелердин санынын өсүшү менен жүк ташуунун жана жүргүнчүлөрдүн саны дагы өскөн. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде дан өсүмдүктөрүн, азык-түлүк, жылуу кийимдерди ташууну негизги орунга коюлган. 1939-жылы 18 миң тонна дан эгин ташылса, 1941-жылы дан эгин ташуу 30,8 миң тоннага жеткен. 1941-1945-жылдары жүк ташуу менен бирге жүргүнчүлөрдү ташуунун саны да өскөн. Себеби, жоокерлерди, ошондой эле эвакуацияланган адамдарды кеме аркылуу алып келишкен. Мисалы, 1941-жылы жүргүнчүлөрдү ташуу 3,5 миң киши болсо, 1943-жылы 45,3 миң адамды түзгөн. Улуу Ата Мекендик согуштун аякташы менен көл кылаасында акырындан экономиканын көтөрүлүшү жана Быстровка—Рыбачье темир жол каттамынын курулушу менен кайрадан кемечиликтин ишинде жүк ташуу негизги орунга коюлган. Мындан сырткары Ысык-Көл облусунда район-шаарларда тамак-аш өнөр жайынын өсүшү, эт, сүт комбинаттарынын, Жыргалаң көмүр кенинин, Күрмөнтү цемент заводунун ишке берилиши менен жүк ташуунун көлөмү көбөйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE