Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү катуу шамал аэропорттун тосмосун кулаткан. Дайырбек Орунбеков түшүндүрмө берди

Акыркы жанылыктар

TurmushПрезиденттин администрациясынын басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Ысык-Көл облусундагы аэропорттун тосмо дубалы кулап калганы боюнча түшүндүрмө берди. Ал билдирүүнү социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Орунбековдун айтымында, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун айланасын королоо боюнча «Кыргызстройсервис» ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөн.

«2023-жылдын 18-март күнү Ысык-Көл облусунун аймагында жүргөн катуу шамалдан улам бетондоо иштери толук бүтө элек участоктогунун дубалы урап калган. Тосмо дубалдын кулап калышы боюнча подрядчы фирма чыгымды өз мойнуна алат жана кайра калыбына келтирет. Калган аралыктагы дубал талапка ылайык бетондолгон. Учурда ураган дубалды тазалоо, ордун иретке келтирүү жана кайра тургузууга даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.

Тосмо дубалдын сапаты боюнча «Кыргызстройсервис» ишканасы өткөрүп алуу учурунда дыкат текшерүү жүргүзүп, талапка жооп берсе гана кабыл аларын белгилейбиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Turmush 18-мартта кечинде катуу шамалдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Тамчы айыл аймагында жайгашкан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун тосмо дубалы кулап калганын жазган.

Кийинчерээк Turmush басылмасына Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Фархад Бейшембиев билдиргендей, катуу шамалдан олуттуу зыян келтирилген жок.

«Бак-дарактар кулап, көл жээктеги өз билемдик менен иштеген дүкөндөрдүн үстүнө түштү. Кулаган бак-дарактар жолдон алынып, жол ачылды. Ошондой эле аэропорттун болжол менен 600 метр узундуктагы тосмосу, 17 миң пескоблок жана 2,5 миң тумба кулады. ӨКМдин кызматкерлери менен бирге иш алып бардык», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE