Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү карьерден дагы мамонттун сөөгүнүн калдыктары табылды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунун Жыргалаң суусунун боюндагы Тегизчил кум-шагыл карьеринин башка тилкесинен мамонттун сөөгү табылды.

Аталга карьерди иштеткен тургун Рустам Карыпбаевдин айтымында, табылга бүгүн, 4-июнда табылды.

«Биз бүгүн кум-шагыл казып баштаганбыз. Балдар иштеп жатып, мамонтун башын табышты. Ишти токтоттук», — дейт Карыпбаев.

Буга чейин Ак-Суу районунун Жыргалаң суусунун боюндагы кум, шагыл карьеринен мамонттун сөөгү табылган. Байыркы табылганы табуу учурундагы көз ирмемдерди жеке ишкер Рустам Карыпбаев айтып берген.

Анын айтымында, аталган карьер 3 жылдан бери иш алып барат.

«31-майда күндөгүдөй иш аткарып жатканбыз. Кум алганда, ак нерсе көрүндү. Мындай көрүнүш 3 жылдык иш тажрыйбабызда болгон эмес. Карасак эле мамонттун тиши экен. Ишти токтотуп, археологдорду чыгардык. Эртеси башка жагынан казуу ишин баштасак, ал жактан да чыкты. Ошону менен изилдөөчүлөр келип, эки жакты тең казып алып кетишти», — деген Карыпбеков.

3-июнда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өтүнүчү менен археологдор А.Абдыканова, А.Эмил уулу жана студенттер Н.Султанов, Б.Садылдаев аталган жерге барышкан.

Текшерүү учурунда карьердин 3-5 метр тереңдиктеги кум-шагыл кендеринен бири-биринен 140-150 метр аралыкта эки башка жерден тиштин жана астыңкы жаактын сыныктары табылганы белгилүү болду. Азуу табылган жерди тазалоодо көмүлгөн сөөктүн бир бөлүгү табылды.

Ачыкка чыккан сөөктөр баштапкы абалында көпкө калбайт жана күндүн нурунун таасиринен тез талкаланат. Ошондуктан археологдор жогорудан ылдый карай тешик жасап, табылганы тазалашты, ал мамонттун баш сөөгүнүн сакталып калган төмөнкү бөлүгү болуп чыкты. Сөөктөр начар абалда болгондуктан, археологдор баш сөөктүн бир бөлүгүн гана алып чыга алышты.

Мурда табылган тиштин жана жаактын сыныктары тазаланып, алгач ошол жерде сакталды. Бардык табылгалар таңгакталып, ташууга даяр. Консервациялангандан кийин табылгалар музейге өткөрүлөт.

  • Жыргалаң суусунун боюндагы «Тегизчил» кум-шагыл карьери 1979-жылы ачылган. Бул жерден алынган кум-шагыл менен Каракол шаарындагы Восход кичи районундагы көп кабаттуу үйлөр салынган. Ортодо иштебей калып, Каракол шаарынын таштандысы төгүлүп калган. Кийинчерээк атайын келишим түзүлүп, таштанды 10 метр ылдый көмүлүп, жеринен кум жана шагыл алынууда.

1978-жылы Жыргалаң суусунун боюнан курулушчулар мамонттун сөөгүнө күбө болушкан. Азыр анын азуу тиштери Караколдун аймак таануу музейинде сакталып турат.

1980-жылдары Жыргалаң суусунун оң капталынан мамонттун баласынын сөөгү табылган.

2016-жылы 10-мартта Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнда жергиликтүү тургундар мамонтко окшош жандыктын баш сөөгүн табышкан. Аны Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулар тобу барып казып алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE