Ысык-Көлдөгү эс алуучу жубайлардын окуясына күбө болгондон кийин милицияга барды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө эс алып жүргөн тургундар үй-бүлөлүк жаңжалга күбө болуп, окуяны видеого тартып алышты.

Күбөлөрдүн айтымында, эс алуучулар аталган видеону милицияга жөнөтө туганын айтып, чара көрүүнү суранышкан. Видеону тарткан жаран ак футболка кийген эркек киши аялын бир нече жолу чаап жибергенин айткан.

Ал эми Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Turmush басылмасына аталган факт болгонун тастыктады.

Милициянын маалыматына караганда, 2024-жылдын 13-июлунда Бостери айылындагы милиция бөлүмүнө Бишкек шаарынын 2022-жылы туулган тургуну А.Н. (кыз бала) кайрылган. Ал аял киши сабалганын айтып, видео берген. Видеодон эркек киши аял менен урушуп, аны «Audi S4» унаасына отугузганын көрүүгө болот. Окуя Бостери айылындагы «Кыргызское море» санаториясынын жанында болгон.

Маалымат Ысык-Көл РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Пример HTML-страницы

Текшерүүнүн жыйынтыгында аялын сабады делген жаран аныкталды. Ал Чүй районунун 1999-жылы туурган тургуну А.А. болуп чыкты. Ал эми жабырлануучу анын жубайы — 2002-жылы туулган Т.М.

Т.М.нын көрсөтмөсү боюнча, 13-июль күнү жолдошу жана достору менен чогуу Токмок шаарынан Бостери айылына келишкен. Эс алуу учурунда көл жээкте кызганычтан улам жолдошу экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Бирок Т.М. жолдошу урбаганын билдирди. Ал арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартып, териштирүүнү токтотууну суранган.

Ал эми А.А. жубайынын көрсөтмөсүн тастыктады. Ал жубайы менен көл жээкте кызгачтан улам урушканын, бирок кол көтөрбөгүнүн билдирди. Анын айтымында, окуядан кийин досунун унаасы менен кетишкен.

Учурда окуяга күбө болуп, видео тарткан А.Н. тергөө кызматына көрсөтмө берүүгө чакырылды. Башка күбөлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️