Ысык-Көлдөгү Челпек айылында кызыл сызыктан ашкан тамдар алынат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКаракол шаарына караштуу Челпек айылында кызыл сызыктан ашкан тамдар алынат. Бул тууралуу Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда,Челпек айылындагы Асанбай Булатов көчөөсүндө жайгашкан үй ээлерине Каракол шаардык мэриясынын жана шаардык архитектуранын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Аталган көчөгө асфальт төшөө иштерине даярдыктар көрүлүүдө. Айрым дубалдар 4 метрге чейин чыгып кеткен. Кошуналар бири-бирин көрүп эле каша, дубал кура беришкен. Көчөдө жашаган жалпы эле тургундарга түшүндүрдүк. Электр мамылары да алынышы керек», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️