Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү алгачкы ооруканалар жана дарыгерлер. Сүрөт

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushДүйнө жүзү бир жылдан бери COVID-19 илдети менен күрөшүп жатат. Мындан улам көпчүлүктүн көңүлү медициналык тармакта болууда. Turmush басылмасы Көл жергесиндеги алгачкы ак халатчандар жана ооруканалар тууралуу маалымат топтоду.

Ысык-Көл облусунун мамлекеттик архивиндеги маалыматтарга караганда, дарыгерлер тобу Ысык-Көл облусунун аймагына 1899-1905-жылдар аралыгында келип, саламаттыкты сактоо боюнча кызмат көрсөтүү башталган. 1908-жылы Пржевальск шаарында аскер лазаретинде 48 орундуу оорукана уюштурулуп, бейтаптарды кабыл алуу башталган. Бейтаптарды 1 дарыгер, 2 фельдшер жана 1 акушер тейлеген. Оорукана шаардыктардын каражаты менен каржыланып, анда 1 кабыл алуу бөлмөсү, бейтаптар үчүн 4 бөлмө, дарыгердин иш бөлмөсү, дарыкана жайгашкан. Дарыгер эс алуу күндөрү дагы бейтаптарды кабыл алып турган. Ал мезгилде чечек, безгек, келте, кургак учук өңдүү жугуштуу оорулар өтө күчөп турган.

Совет бийлигинин орношу менен саламаттыкты сактоо боюнча РСФСР Эл комиссариатынын 1925-жылдын 2-июлундагы токтомунда социалдык камсыздандыруунун эсебинен жумушчу, кызматкерлерди, алардын үй-бүлөлөрүн, профсоюздун мүчөлөрүн, аскер кызматкерлерин, эмгек майыптарын тейлөө (акысыз) белгиленген. Кара кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин 1925-жылдын 13-сентябрындагы токтомунун негизинде калкты медициналык жактан тейлөө ооруканаларда, амбулаторияларда жана дарылоо мекемелеринде бардык жарандар үчүн акысыз көрсөтүлөт деп баса белгиленген.

Медициналык жактан кайрылган жарандарды тейлөө акырындык менен оң жолго коюла баштаган. Республиканын аймагындагы медициналык мекемелердин санын өнүктүрүү, тейлөөнү жакшыртуу боюнча партиялык уюмдар жана аткаруу комитети алгылыктуу иштерди жүргүзө баштаган. 1926-жылы Каракол шаарында 6 штаттык бирдиктен турган 30 койкалуу оорукана, 1 венерологиялык диспансерде 2 дарыгер эмгектенген. Саламаттыкты сактоо округдук бөлүмдүн башчысы Смородин Петр Ильич болгон. Андан соң, 1924-жылдын май айынан баштап Казань университетин аяктаган тажрыйбалуу дарыгер Лаженицын Иван Алексеевич жетектеген. Мындан сырткары көп жыл Каракол шаарынын ооруканаларында дарыгер Вольдемар Бекман жана анын жубайы гинеколог Хахалева Мария Ефимовна эмгектенген. Жубайлар 30 жылдан ашуун Каракол шаарынын калкын медициналык жактан тейлеп, көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн бир нече ирет мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушкан.

1928-1929-жылдардагы дарылоо профилактикалык иш-чаралар боюнча маалыматка караганда, шаардык оорукана 60 орундуу (анын ичинен 22 орун терапия, 38 орун хирургия үчүн), төрөт үйү 10 орундуу болгон. 1930-жылы төрөт үйү дагы 10 орунга көбөйгөн.

1928-жылга карата Сазановка участкалык ооруканасы 15 орунга ылайыкталып, 1 дарыгер, 1 фелдьшер, 1 акушер, бардыгы 10 адам иштесе, Түп участкалык ооруканасы дагы 15 орундуу болуп оңдолгон эски имаратта жайгашкан. Мындан сырткары Покровка, Кольцовка, Чолпон-Ата, Ново-Вознесеновка, Уйтал дарыгерлик участкалар калк кызматында болушкан. Статистикага кайрыла турган болсок, 1927-1928-жылдары Покровка дарылоо пункту 6852, Кольцовка 10328, Чолпон-Ата 3331, Ново-Вознесеновка 3857, Уйтал 1437 бейтапты кабыл алышкан.

1939-жылдын 31-майындагы СССР Жогорку Советинин президиумунун токтому менен Ысык-Көл облусу уюшулганына байланыштуу Ысык-Көл облустук саламаттыкты сактоо бөлүмү ачылган.

Учурда облуста 7 аймактык оорукана, 5 ҮДБ, 2 жалпы дарыгерлер практикалык борбору, 120 ФАП бар. Анда 707 дарыгер эмгектенет. Аны менен бирге 2147 орто медициналык кызматкер элдин саламаттыгына кам көрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE