Ысык-Көлдөгү адам өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы жол кырсыктан 1 адам каза болуп, дагы 1 адам жаракат алды.

Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, 2024-жылдын 7-августунда саат 22:40 чамасында Балыкчы шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Э.Д.Б. «Isuzu Bighorn» үлгүсүндөгү автоунаасын Балыкчы шаарынын түндүк тарабында башкарып бара жатып, каршысында келе жаткан 1988-жылы туулган А.У.Э.нин башкаруусундагы «Мерседес Бенц-430» автоунаасы менен кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен бир жаран каза болуп, бир жаран (эркек адамдар) жаракат алды.

Бул жол кырсыгы Балыкчы ШИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Turmush басылмасына күбөлөр Балыкчы шаарындагы жол кырсыктан адам өмүрү кыйылганын билдирген.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️