Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө желим баштыктарды колдонууга тыюу салынгандан кийин эко баштыктар тигиле баштады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКаракол шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана жумушсуз айымдар эко баштыктарды тигип жатышат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Учурда айымдар 2500гө жакын эко баштыктарды даярдашты. Баштыктар майда нерселерди салууга ылайыкташкан. Буга чейин көптөгөн баштыкчалар тигилип, бирок шекер, күрүч өңдүү азыктарды салууга баштыкчалар жок болуп келген.

Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозованын айтымында, баштыктар көп даярдалгандан кийин калаадагы бардык чоң дүкөн ээлери чакырылып, аларга сунушталат. Ошондо бирге баалары кандай болору чечилет.

«Бул баштыктардан шаарга эки жагынан пайда болууда. Биринчиден, желим баштыктарды колдонууга тыюу салынган мыйзамды ишке ашырууга өбөлгө болот. Экинчиден, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген айымдар туруктуу киреше булагын түзө алат. Муну менен катар көп балалуу энелерди да алып жатабыз. Эң башкысы тигүү ыкмасын билиши керек. Алгач атайын Бишкек шаарынан адис чакыртып, окутууларды өткөрдүк. Азыркы тапта алар жаңы келген кыз-келиндерге үйрөтүп жатышат. Атайын фонддор тарабынан тигүү машиналары берилген. Ал эми материалдарды Бишкек шаарынан жана интернет аркылуу буюртма кылып жатабыз. Баштыкка түшүрүлгөн сүрөттөр тамак-ашка колдонулуучу боёктор менен тартылып, экологиялык жактан таза. Эгер тургундар бир жолу сатып алса, кийинки жолу жууп колдонууга болот», — дейт ал.

Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо үчүн желим баштыктарды колдонууга тыюу салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE