Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жаш жигитти коркутуп, тоноого шектелген 2 тургун кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКаракол шаарында тоноочулукка шектелип, эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, июнь айынын ортосунда Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө Теплоключенка айылынын 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, 24-апрелде шаардагы сейил бакта Амаль жана Станислав аттуу эки чала тааныш жигит коркутуп, «Айфон 13» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышкан. Кийинчерээк, 14-июнда, ошол эле балдар коркутуу жолу менен бул жолу дагы бир «Редми» үлгүсүндөгү телефонун ээлеп алышкан. Материалдык чыгым 75 миң 500 сомду түзгөн.

Арыз Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталган. Алар Каракол шаарынын 19 жаштагы тургундары А.А. жана Е.С. болуп, шаардык милициянын тергөө кызматына жеткирилген.

Шаардык соттун чечими менен шектүүлөргө карата тергөө иш-чараларын жүргүзүү мезгилинде эки айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE