Ысык-Көлдө жаш жигиттердин түнкү жоругу видеого түшүп калган. Алар кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын айдап качкан жаран кармалды. Уурдоо учуру видео байкоого түшүп калган. Муну менен катар уурдалган унааны сүзүп, материалдык зыянга учуратканын Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 8-июль күнү Каракол шаарынын тургуну Ж.У.К. арыз менен кайрылган. Ал 8-июль күнү саат 00:09 чамасында Каракол шаарынын Гагарин көчөсүнүн алдынан кызыл түстөгү «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам айдап кеткендиги боюнча билдирген.

Ыкчам издөө иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын тургундары — 2004-жылы туулган М.К.К. жана 2002-жылы туулган М. уулу С. Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнын улук тескөөчүсү, милициянын лейтенанты А.Эсенбаев жана милициянын прапорщиги А.Калиев тарабынан кармалып, терөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️