Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жүргүнчүнүн өлүм алдындагы учуру видеого түшүп калган

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Бостери айылында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 2-июль күнү саат 07:10 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 85,600-чыкырымында «Мерседес-Бенц» жана «Киа К7» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен «Киа К7» үлгүсүндөгү унаанын эки жүргүнчүсү жаракат алган. Ал эми «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаадан айдоочу жаракат алып, бир жүргүнчү окуя болгон жерде көз жумган.

ЖКККББ жол кырсыктарын алдын алуу үчүн жарандарыбызды эреже бузган айдоочуларды көргөн учурда (0777) 102-102 номуруна тезинен кабарлап коюуну өтүнөт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE